Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү

Кой жүнүнөн жасалган органикалык жер семирткич сыноодон өттү

Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институту жана Кыргыз Улуттук агрардык университетинин окумуштуулары койдун жүнүнөн өндүрүлгөн органикалык жер семирткичти сыноодон өткөрүштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги маалымдады.

Адистердин айтымында, жүндүн бир катар агротехникалык артыкчылыктары бар:

  • Азотко бай (15%га чейин) жана акырындык менен бөлүнүп чыгат;

  • Күкүрт, аминокислоталар, кератин камтыйт;

  • Топурактын түзүлүшүн жакшыртып, ным сактайт жана жумшартат;

  • Узак убакытта акырындык менен чирип, узак мөөнөттүү жер семирткич болуп берет.

Министрлик белгилегендей, койдун жүнүнөн жасалган жер семирткичти колдонууда аны сертификаттан өткөрүү жана туура пайдалануу боюнча нускамага көңүл буруу зарыл.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар