Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыТайфун «Рагаса» Азияда кеминде 20 адамдын өмүрүн алды

Тайфун «Рагаса» Азияда кеминде 20 адамдын өмүрүн алды

Азияда акыркы он жылдагы эң күчтүү тайфундардын бири болгон «Рагаса» кеминде 20 адамдын өмүрүн алды.

Тайванда 14 адам каза болуп, 30дан ашык киши жаракат алды. Ошондой эле Хуалянь уездинде пайда болгон көл ташкындап, 124 адам дайынсыз жоголгону кабарланды.

Филиппинде тайфун 7 кишинин өмүрүн алды.

Кытайда бороонго байланыштуу 2 млнго жакын адам эвакуацияланды.

Мындан тышкары, тайфун Гонконг менен Макаодо да олуттуу зыян келтирди: имараттардын терезелери талкаланып, көчөлөр суу каптады. Аймакта мектептер, ишканалар жана коомдук транспорт убактылуу жабылды.

Учурда «Рагаса» материктеги Кытайдын түштүк провинцияларына — Гуандун, Хайнань жана Гуанси-Чжуан автономиялуу районуна карай жылууда.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар