Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын климаттын өзгөрүшү боюнча атайын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө “Кыргызстан тоолуу өлкө катары, тоо экосистемасын сактоону бардык мамлекеттердин жалпы жоопкерчилиги деп эсептейт”, — деп белгиледи.
Кыргызстан глобалдык климат боюнча күн тартибинин алкагында өз милдеттенмелерин так аткарууга умтуларын баса белгилеген мамлекет башчысы, өлкөнүн климаттык милдеттенмелерин ишке ашырууда өткөн жумада Үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталган салым боюнча документ кабыл алганын маалымдады. Документте парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу жана адаптациялоо, анын ичинде суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, “жашыл” транспортту жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча чаралар каралган.
Садыр Жапаров Кыргызстан 2030-жылга карата эмиссиялардын деңгээлин 16%га, ал эми эл аралык колдоо болсо 44%га кыскартууну мерчемдеп жатканын өзгөчө белгиледи. Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү, анын ичинде, гидроэнергетикалык станцияларды куруу боюнча долбоорлордун, коңшу өлкөлөр менен биргеликте аймактагы эң ири гидроэлектростанциялардын бири болгон “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча долбоордун ишке ашырыла башташы Кыргызстандын аракеттери реалдуу экенин тастыктап турат.
Мамлекет башчысы мамлекеттик тышкы карызды конкреттүү “жашыл” долбоорлорго алмаштырууну сунуштады.
Ал ошондой эле өлкөдө каражаттары экология жана туруктуу тоо өнүгүүсү тармагындагы долбоорлорго жумшала турган Климаттык трасттык фонд түзүлүп жатканын айтып берип, инвесторлорду биздин «жашыл» долбоорлорубузга инвестиция салууга чакырды.
“Тоолор адамзатты азык-түлүк, биотүрдүүлүк жана энергия сыяктуу жашоо үчүн зарыл болгон экосистемалык кызматтар менен камсыздайт. Ал эми тоолордон башталган дарыялар эки миллиардга жакын адамдын жашоосуна шарт түзөт”, — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.
Ошону менен бирге Президент тоолуу экосистемалар, анын ичинде мөңгүлөр, климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен барган сайын олуттуу терс таасирлерге дуушар болуп жатканына көңүл бурду. Мындай учурда ал Кыргызстан тоолуу аймактардын жана климаттын көйгөйлөрүн чечүү үчүн кеңири эл аралык өнөктөштүккө бекем берилгендигин ырастады жана өлкөлөрдү “Климат, тоолор жана мөңгүлөр тууралуу” декларацияга кошулууга жана Климаттын өзгөрүшү боюнча конвенциянын алкагындагы Тоолуу өлкөлөрдүн сүйлөшүү тобунун мүчөсү болууга чакырды.
Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында тоо жана климат маселелери боюнча диалогду улантууну колдой турганын билдирип, тоо экосистемасын сактоо жана жалпы адамзаттын келечегин камсыз кылуу үчүн биргеликте глобалдык жылуулуктун алдын алууга чакырды.

