Ирандагы кыргыз дипломаттарынын коопсуздугун сактоо каралат

Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматты укту.

Өзгөрүп жаткан жагдайды эске алуу менен мамлекет башчысы министрликке Иран Ислам Республикасы аймагында жайгашкан Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Белгиленгендей, бул чаралар элчиликтин кызматкерлеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга багытталган.

Тышкы иштер министрлиги кырдаалды тыкыр көзөмөлдөп, тиешелүү коопсуздук чараларын күчөтүү иштерин жүргүзүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз