Адилет Орозбеков бүгүн, 23-мартта, Сергей Вакунов менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалды, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясы ортосундагы кызматташтыктын жүрүшүн талкуулашты.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу жана тең укуктуу кызматташтыктын жогорку деңгээли улуттук кызыкчылыктарга жооп берерин белгилешти. Ошондой эле мындай өз ара аракеттенүү мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, азыркы глобалдык чакырыктар менен коркунучтарды биргелешип жеңүүгө өбөлгө болору айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.


