Башкы беткеМекендештер жана тагдырМекендештерОшто төрт эмдүү үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белекке берилди

Ошто төрт эмдүү үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү батир белекке берилди

Ош шаарында төрт эмдүү болгон үй-бүлөгө президент Садыр Жапаровдун атынан 3 бөлмөлүү батир белекке берилди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, батирдин ачкычын президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тапшырышты.

Белгиленгендей, жаңы батир жаш наристелер үчүн бардык шарттар менен камсыздалган. Мындан тышкары үй-бүлөгө балдар керебеттери жана коляскалар да берилди. Бул колдоо үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу жана наристелердин келечегине кам көрүү максатында көрсөтүлгөн.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри өлкө башчысынын атынан жаш үй-бүлөнү куттуктап, наристелерге бекем ден соолук жана узак өмүр каалады.

Өз кезегинде төрт эмдин ата-энеси көрсөтүлгөн колдоо үчүн президентке ыраазычылык билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасында Араван районунун 26 жаштагы тургуну Дилшода Артыкова бир уул, үч кыз — төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар