Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Вьетнамдын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Кыргызстан менен Вьетнамдын өкмөт башчылары эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга жасаган расмий сапарынын алкагында Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүүдө позитивдүү динамиканы белгиледи. 2019-2024-жылдар аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 13 эсеге көбөйгөн.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарга кошумча импульс берүү үчүн экономика чөйрөсүндөгү 3 фундаменталдык макулдашууну — бул Инвестицияларды колдоо жана коргоо, экономикалык кызматташтык жана кош салык салуудан качуу жаатындагы документти макулдашуу  жана кол коюу маанилүү деп эсептейбиз», — деди ал.

Өз кезегинде Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.

«Эки тараптуу кызматташтыкты ар кандай тармактарда мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенибизди билдиребиз», — деди Вьетнамдын премьер-министри.

Тараптар транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар