Кыргызстанда тигүү тармагына жеңилдетилген насыялар берилди

Кыргызстанда тигүү тармагын колдоо максатында 1,5 млрд сомго жакын жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Бакыт Сыдыков мамлекеттик каржы, банк сектору жана тармак өкүлдөрү катышкан жыйында билдирди. Министрдин айтымында, учурда тигүү тармагындагы ишкерлер үчүн пайыздык чендерди субсидиялоо аркылуу жеңилдетилген кредиттөө программасы иштеп жатат.

“30-мартка карата 1,5 млрд сомго жакын кредит берилди. Мыйзам чегинде иш алып барган ишкерлер жеңилдетилген насыяларды тоскоолдуксуз алып жатышат. Бирок көмүскөдө иштеген айрым ишкерлер ар кандай себептерден улам бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албай калууда”, — деди ал.

Жыйындын негизги максаты — көмүскөдө иш жүргүзгөн ишкерлерге көмөк көрсөтүү жана алардын маселелерин чечүү жолдорун табуу болду.

Талкуу учурунда жеңилдетилген насыя алууга тоскоол болуп жаткан негизги себептер белгиленди:

  • ишкердиктин көмүскө жүргүзүлүшү жана тиешелүү документтердин жоктугу;
  • финансылык отчеттордун толук эмес болушу жана акча агымынын ачык эместиги;
  • салык базасынын жоктугу жана Бирдиктүү салык декларациясынын өз убагында тапшырылбашы;
  • мурда алынган насыялар боюнча акыркы үч жылда мөөнөтү өтүп кеткен карыздардын болушу.

Жыйынга катышкандар ишкерлер үчүн Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында жана толук тапшыруу өзгөчө маанилүү экенин белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында банк секторуна арыздарды кабыл алуу жана кароо процессин активдештирүү, ошондой эле ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү сунушталды.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз