Башкы беткеМаанилүүШенген визасы: ачык чек аралар тууралуу кыял көздөн учтубу?

Шенген визасы: ачык чек аралар тууралуу кыял көздөн учтубу?

Шенген келишими өзүнүн 40 жылдыгын туруктуулуктун эмес, тескерисинче, ишенимсиздиктин атмосферасында тосуп алды. Келишимге кирген мамлекеттердин дээрлик жарымы кайрадан убактылуу чек ара көзөмөлүн киргизди. Бул Европадагы ачык чек аралар тууралуу Шенген кыялынын аягына келдик дегениби? Бул суроого Польша менен Германиянын чек арасынан жооп издеп көрөлү.

Шенген келишими учурда туш болгон дилеммалардын айкын мисалын Германиянын Гёрлиц жана Польшанын Згожелец чек ара шаарларынан көрүүгө болот. Бул шаарларды Ныса-Лужицка дарыясы бөлүп турат.

2023-жылы Германия мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүнү бетке кармап, бул аймакта жана Польша менен болгон чек арасынын бардык тилкелеринде убактылуу көзөмөл киргизген. Буга жооп кылып, Польша бийлиги да 2025-жылдын 7-июлунда убактылуу көзөмөл орноткон. Чек аранын эки тарабындагы жергиликтүү тургундар бул чечимдин кесепеттеринен, анын ичинде чоң тыгындардан жабыркашууда.

Мисалы, 37 жаштагы маалымат аналитиги Якуб Волинский Польша тарабында төрөлгөн, немис тарабында жашап-иштейт. Ал чек араны күн сайын кесип өтүп жүргөндүктөн, абалды жакшы билет.

«Бул аймакта чек ара мыйзамын бузган учурлар көбөйгөн жок. Бул – кошуналарга карата ишенбестиктин таптакыр негизсиз белгиси. Алар болгону дарыянын тиги бетинде жашашат», – дейт Якуб.

Жекшемби жана майрам күндөрү Германия тараптан көзөмөл шаар көчөлөрүндө башаламандык жаратып жатат. Чек арага жакын жайгашкан джелатериянын ээси – италиялык Антонио да нааразы.

«Шаар токтоп калды. Бизге иштөө кыйын болуп калды, анткени кардарлар унаа менен келе алышпайт. Жакын эмес жерде жашагандар болсо таптакыр эле келбей калышты», – дейт ал.

Польша тарабындагы тургундар Европалык Комиссияга каршы петицияга кол чогултуп жатышат. Якуб болсо аны менен тим болбой, Германия өкмөтүн сотко берди.

«Менин оюмча, Германиянын бул чечими чек ара аймагындагы менин эркин жүрүү укугумду чектеп жатат. Эгер Германия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен сүйлөшө алсам, алардан сурамакмын: бул чараларга кеткен чыгашалар чындап эле өзүн актайбы?»

Бул суроону биз Германиянын Федералдык полициясына да узаттык. Алар өз жоопторунда текшерүүлөрдөн келип чыккан ыңгайсыздыктарды мүмкүн болушунча азайтууга аракет кылып жатышканын билдиришти. Ошол эле учурда алар өз иш-аракеттерин мыйзамдуу деп эсептешет жана бул чаралар буга чейин эле натыйжасын берип жатканын айтышат.

«Мисалы, мен иштеген бөлүмдө быйыл май айында гана келип-кетүү эрежелерин бузган 175тен ашык адам аныкталды. Ошондой эле башка кылмыштарга барган 141 адам тууралуу билдирүү берилди», – дейт Федералдык полициянын басма сөз катчысы Михаэль Энглер.

Бирок бул сандарга карабастан, Якуб өзүнүн Германияга каршы доосун Шенген өлкөлөрү жана Европа институттары үчүн коңгуроо катары көрөт жана алар азыркы мамилесин кайра карап чыгышы керек деп эсептейт.

«Эгер биз, жарандар, кол куушуруп отуруп калсак, өкмөттөргө бул маселелерди чечүү керектигин көрсөтпөсөк, анда Шенген аймагы кулап түшөт деп корком», – дейт ал.

Бул Шенген кыялынын аягыбы?

Мамлекеттер чынында эле катуу шарттар аткарылса, чек ара көзөмөлүн кайра киргизе алышат. Бирок юридикалык жана символикалык жактан эң чоң маселе – бул чечимдин өзү эмес, анын негиздемеси жана мөөнөтүнүн узактыгы, – дейт Польша Эл аралык мамилелер институтунун ЕБ программасынын координатору, ЕБнин миграция саясаты боюнча адиси Йоланта Шиманская.

“Бардык көзөмөл чаралары белгилүү мөөнөткө гана коюлушу керек. Анткени “убактылуу калыбына келтирүү” жөнүндө сөз болгондо, бул туруктуу абалга айланбашы керек. Бирок айрым өлкөлөрдө көзөмөл он жылдан бери уланууда», – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Б.БЕЙШЕБАЕВ

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар