Башкы беткеСаясат жана коомКоомБийик тоолуу аймактардагы балдар үчүн жаңы жөлөк пул киргизилет

Бийик тоолуу аймактардагы балдар үчүн жаңы жөлөк пул киргизилет


Келе жаткан жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардагы тургундарга ай сайын 3 миң сомдон жөлөк пул төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Жөлөк пул “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык берилет. Ал бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда жана өзгөчө чек ара зонасында жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдары төрөлгөндөн 3 жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Жөлөк пулдун өлчөмү айына 3 миң сом болуп, ал үй-бүлөнүн социалдык абалына карабастан жана райондук коэффициентти эске албастан берилет. Эмгек министрлиги мыйзамды ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук актын долбоорун даярдап, учурда КР президентинин администрациясына караоого жөнөттү.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар