Башкы беткеМаанилүүБишкекте «Түрк киносунун күндөрү» башталды

Бишкекте «Түрк киносунун күндөрү» башталды

«Ала-Тоо» кинотеатрында Түрк киносунун күндөрүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ачылышка түрк жылдыздары — актрисалар Дамла Сөнмез, Йылдыз Чагры Атиксой, Эжем Сена Байыр, Дуйгу Мержан жана актёрлор Барыш Кылыч менен Аныл Алтан катышты. Алар кызыл килемде ардактуу коноктор катары кабыл алынды.

Маданий иш-чара 4-8-сентябрда өтүп, кыргыз-түрк маданий байланыштарын чыңдоо жана түрк кинематографиясын жайылтуу максатында уюштурулду. Бардык көрсөтүүлөр «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт жана кирүү акысыз.

Программада:

  • 4-сентябрь: «Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири» — реж. Мурат Фыратоглу

  • 5-сентябрь: «Сүйүү байланыштары» — реж. Хакан Куршун

  • 6-сентябрь: «Акылдан жүрөккө» — реж. Өзер Фейзиоглу

  • 7-сентябрь: «Хай Хак Карагөз — Хаживат» (анимациялык тасма) — реж. Кенан Акташын

  • 8-сентябрь: «Эрке» — реж. Онур Үнлү

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар