whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.01.2026
-5.9 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясын кабыл алды

Адылбек Касымалиев Кореянын Улуттук Жыйынынын делегациясын кабыл алды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кореянын Улуттук Жыйынынын депутаты, Азиянын Улуттук Ассамблеясынын Суу ресурстары боюнча Консультативдик кеңешинин президенти Хан Чжонэ баштаган депутаттардан турган делегацияны кабыл алды. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар негизинен климаттын өзгөрүшү, калктын өсүшү, айлана-чөйрөнү коргоо жана экономикалык активдүүлүккө байланыштуу суу ресурстарына болгон талаптын жогорулашына байланышкан маселелерди талкуулашты.

Бул багытта МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан 2030-жылга чейин булганыч газды 16%га, ал эми эл аралык колдоо менен 44%га кыскартууну пландаштырып жатканын, мындан тышкары 2050-жылга чейин көмүртектин нейтралдуулугуна жетүүнү көздөп жатканын билдирди.

“Кыргызстан 2019-жылдан бери баш кеңсеси Сеулда жайгашкан Жашыл өсүүнүн глобалдык институтунун мүчөсү. Өткөн жылы Бишкекте бул институттун Өлкөлүк кеңсеси ачылган. Институт менен биргеликте “Борбор Азиядагы суу ташкындары жана кургакчылык менен күрөшүү аркылуу климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту жогорулатуу” долбоорун жылдырып жатабыз”, — деди ал.

Өз кезегинде Азиянын Улуттук Ассамблеясынын Суу ресурстары боюнча Консультативдик кеңешинин президенти Хан Чжонэ, Корея инвестициялык климатка оң таасирин тийгизген биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, өзгөчө суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана климаттык өзгөрүүлөрдү жөнгө салуу жаатындагы иш-чараларды уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Кореянын Улуттук Жыйынынын депутаттарынан турган делегация Бишкек шаарында өткөрүлгөн Азиянын Улуттук Ассамблеяларынын Суу боюнча консультативдик Кеңешинин сегизинчи отурумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар