Башкы беткеМаанилүүӨзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу күн мурун Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Бахтиёр Саидовдун жолугушуусунда маалым болду.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин 2025-2026-жылдарга кабыл алынган кызматташуу программасында жана ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча Жол картасында белгиленген конкреттүү биргелешкен чараларды бекитишти.

Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдарда, анын ичинде БУУ, КМШ, ШКУ, ТМУ, ИКУ жана башкаларда кызматташуу маселелери талкууланып, бул түзүмдөрдөгү кызматташуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүнүн негизги элементи бойдон калары белгиленди.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар