Башкы беткеМаанилүүМаданият министри кызматкерлерине планшеттерди тапшырылды

Маданият министри кызматкерлерине планшеттерди тапшырылды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин кызматкерлерине 20 планшет берилди.

Ведомстводон маалымдашкандай, планшеттерди министр Мирбек Мамбеталиев тапшырды.

Белгиленгендей, планшеттер көчмө, координациялык жана аналитикалык иштерге тартылган бөлүм башчыларга берилди. Алар кызматкерлерге талаа шартында маалымат алмашууга, отчетторду даярдоого жана иш-чараларды координациялоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кызматтык милдеттерди аткарууда заманбап санариптик куралдарды пайдаланууга шарт түзөт.

«Бул жөн эле техника эмес, мамлекеттик башкарууну ийкемдүү, ачык жана ыкчам кылуучу шайман. Биз санариптештирүү жана процесстерди модернизациялоо багытын улантабыз», — деди министр тапшыруу учурунда.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар