Балык чарба ачуу үчүн кеңеш алса болот

Кыргыз Республикасынын Балык өнөр жайы комплекси департаменти жеке жана юридикалык жактар үчүн балык чарбасынын паспортуна ээ болуу жана көлмө, бассейндик, садоктук, жайыттык жана рекреациялык аквакултураны уюштуруу боюнча консультацияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.

Департаменттин маалыматы боюнча, арыздар жана өтүнмөлөр мыйзамдагы талаптарга ылайык кабыл алынат, катталып, каралып, көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө натыйжасы чыгарылат.

Консультациялар жеке жана юридикалык жактарга аквакультураны уюштуруу шарттары, балык чарбасынын паспортун алуу тартиби, талап кылынган документтердин тизмеси жана отчеттуулук боюнча кенен түшүндүрмө берүүгө багытталган.

Балык чарбасы менен алектенгендерге документтерди өз убагында жана мыйзамдагы талаптарга ылайык тапшыруу сунушталат.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз