Башкы беткеМаанилүүЖардыргыч материалдарды чыгарган жаңы ишкана ачылды

Жардыргыч материалдарды чыгарган жаңы ишкана ачылды

Чүй облусунун Кемин районунда жардыргыч материалдарды чыгарган жаңы “Учкун ВМ” ишканасы ишке кирди. Бул өндүрүш тоо-кен тармагында жана ири курулуш долбоорлорунда колдонулуучу продукцияны чыгарууга багытталган. Ишканага 700 млн сом инвестиция жумшалып, алдыңкы технологиялар менен жабдылган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, мындай өндүрүш ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал жардыргыч заттар буга чейин “Кумтөр”, “Жер үй”, “Терек-Сай” сыяктуу кендерде жана “Камбар-Ата-2 ГЭСин” курууда пайдаланылганын айтып, мындан ары автожол жана ирригация тармактарында да колдонуларын кошумчалады.

Жылына өндүрүлгөн продукциядан бюджетке 95 млн сомго жакын салык түшөт. Ошондой эле бул тармакта 100дөн ашык жумуш орду түзүлөт. “Учкун ВМ” ишканасы быйыл ишке киргизүү пландалган 134 өнөр жай ишкананын бири болуп, анын расмий ачылышы Эгемендүүлүк күнүндө өткөрүлдү.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар