Пеня/туум маселеси бир караганда, көңүл бурганга арзыбай турган майда-барат нерседей көрүнөт. Антейин десең, “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам”. Айтайын дейсиң, ушунчалык да майда адам болобу деп, артыңдан сөздөр айтыларын түшүнүп турасың, айтпайын дейсиң, бул акча жасоонун “ширшовдук схемасынан” кем калышпаган алдамчылык схемасыбы деп да ойлойсуң…
Кечээ эле, “Шекер” супермаркетине кирип, сыр менен каймак алсак, 345 сомдун тегерегиндеги акча болду, нары жагында 27 тыйын “куйругу” бар экен, сатуучу 346 сом деп, унчукпай төлөп койдук. Андан мурдараак “Азия” супермаркеттер түйүндөрүнүн бирине кирип, майда-чүйдө алды элек, 636 сом 23 тыйындык чек берди. 637 сом алды. Супермаркетке киресиңби, аптекага киресиңби, мындай көрүнүштөргө күн сайын кезигесиң. Бир карасаң өтө эле майда маселе. Сөз кылганга деле арзыбайт. Бирок, жалпы масштабдан алып караганда, мына ошол майда тыйындар жүздүк, миңдик сомдорго айланып жатпайбы. Албетте, мындан супермаркеттер же аптекалар байып жатат деп айтканда да болбойт.
Маселе соода жүгүртүүдө капкачан эле майда тыйындар колдонулбай калганында. Улуттук валютабыздын өмүрү узун болсун, азыр соода жүгүртүүдө бир тыйын, эки тыйын, үч тыйын эмес, 50 тыйындыктар колдонулбайт. Андай болгондо, эмне үчүн соода түйүндөрүнүн, аптекалардын ж.б. кассаларында мына ошол жүгүртүлбөгөн майда тыйындар эсептелинет?!
Мындай көрүнүштөр бир гана соода түйүндөрүндө, аптекаларда да гана эмес, айрым учурларда банктардагы кызмат көрсөтүүлөрдө да кездеше калып, майда тыйындар шыгырап жүргөн убактар аз эмес.
Муну менен эмне айткыбыз келет, ырас бир тыйындыктар, элүү тыйындык жүгүртүүдө колдонулбай калган соң, ал жагын тегеректеп туруп эле, сом менен көрсөтсө болбойбу. Бул бир.
Экинчиден, ошол эле “Азия”, “Глобус”, “Шекер” супермаркеттеринде соода кылсаңыз, желим баштыктарды да сатып аласыз. Чоң баштыгы 3 сом, кичинеси 2 сом. 100 сомго соода кылып жатасыңбы, 10 миң сомдун товарын алдыңбы, ар бир алган баштыгыңа кызылдай акча төлөйсүң. Мурда “Фрунзе” супермаркеттеринде баштыктар бекер болчу. Кийин эле сатыла баштады.
Мунун баарын эмнеге майдалап айтып жатабыз? “Дордойго” кийим алганы барып, кайсы бир контейнерге баш багып, “бутум ооруп кетти” десеңиз, сатуучу өз ордун бошотуп берет. Улам бир кийимди тандап кийип, жарым саат, бир саат убактысын алып, “базарга жаңы кирди элем, башка контейнерлерди да кыдырып келейин” десеңиз, сатуучу ошого да ыраазы. “Келиңиз” деп визиткасын сунуп, жылуу жылмайып кала берет. Кокус кийим же буюм алсаңыз, эң жакшы кооз пакетке салып, аны кайра башка кымбат пакетке салып узатат.
Бири – супермаркет, бири – базар. Эки башка тейлөө. Биринде отурган ордун туруп берип, “Бул размер жок экен, тигил жактан алып келе калайын” деп контейнерин ишенип таштап кетет, биринде ар бир бурчта видео көзүн албай тиктеп, жадагалса сатып алган азык-түлүгүңдү сатып алган баштыгыңан да акча сыгып алат.
Кээде ошол эле “Азия”, “Глобуска” кирсең, банан, алма, апельсин, мандарин, помидор, бадыраң… ж.б.лар тандалып, урунуп калгандары, айрым учурда чиригендери эле калып калган учурлар да болот. Бирок, ошого карабай жарым саат, бир саат алмаштырылбай, жаңылары коюлбай тура берет. А Ош базарына же Орто-Сай базарына барсаң, ал жерден тандап аласың. Тандагандан да супермаркеттерге караганда баасы эки эсе арзан. Ушул кездерде супермаркеттерде 100 сомдон кем алма жок, анын сапаты анча эмес, а базарларда ширелүү таза алмаларды 60-80 сомдун ортосунда аласың. Көп алам десең аны да ылдый түшүп берет. “Дыйкан” базарга, “Дордой дыйкан” базарына барсаң мындан да арзан аларыңды билесиң, бирок шаар жолдорундагы тыгындан улам, азыр базарларга барбай калдык. Супермаркеттерден соода кылабыз. Бир карасаң, абдан жакшы, ылай кечпейсиң, баары текчелерде тыкчыйып жыйылып турат. Бирок, тейлөө маселесине келгенде, ойлоно турган маселелери бар. Соода борборлору болобу, супермаркеттерби, биринчи көңүлдө канткенде кардарлардан көбүрөөк акча жыйнап калуу эмес, “Адам” турушу керек деген ойдобуз. Супермаркеттер да “Дордойдогу” сатуучуларга окшоп, “буту ооруп турган” кардарларына өз ордун бошотуп берип койсо, мындан алар кедейленип кетпейт.
Эми пеня тууралуу. Бул тейлөө кызматтарына тиешелүү маселе. Мурда электр энергиясы, муздак суу, таштанды үчүн келген квитанциялардын пеня деген графасында 0,97 тыйын, 1,21 сом, 2, 34 сом деп ар кандай суммалар келчү. Кийин мындай пенялар/туумдар жаратылыш газы үчүн эсеп-билдирмелерде келе баштады. Ай сайын эле кечиктирбей төлөп жаткандайсың, бирок бул айда 3,54 сом пеня/туум келсе, аркы айда 4,40 сом пеня/туум келип эч качан эриктирбейт да. Бир жолу “Бишкекгаздын” кассасына жаратылыш газы үчүн төлөп жатып, пеня/туум тууралуу сурасак, “Ай, байке арзыбаган акча экен го, анын эмнесине нааразы болуп жатасыз?” деп оозубузду аппак кылган. Ошондон кийин унчукпай эле төлөп коймой. Эмне дейсиң, “Газпром Кыргызстан” монополист ишкана. “Кыргызгазды” бир сомго сатып алып, миллиондогон сом инвестиция жасап, Бишкектин конуштарын жана жака белин газдаштырып жатат. Мына ошол миллиардер компанияны жарыбаган пеня/туум үчүн өзүнүн репутациясына шек келтирген кадамга барат деп айтууга болбойт. Кеп, тейлөө көрсөткөн башка ишканалардай эле, кызмат көрсөткөндүгү үчүн акыны өз убагында кайтарып алуунун бир жолу катары пеняны/ туумду ойлоп табышкан да, программалаштырып, ал программа кээде ал компаниянын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп жатканы айтпаса да түшүнүктүү.
Дегеле, пеня/туум бул өзүн өзү актабаган нерсе. Андан көрө алдын ала төлөмдөр үчүн арзандатууларды киргизсе дурус болмок. Бир жылдары Энергетика министрлиги электр энергиясы үчүн алдын ала төлөөлөр үчүн 30%дык арзандатууларды киргизип, ал коомчулуктун колдоосуна ээ болгон. Азыр деле электр энергиясы үчүн, таштанды, таза суу үчүн алдын ала төлөмдөргө арзандатуулар болсо, абоненттер, тагыраагы, эл бир жылдык кызмат көрсөтүү акыларын алдын ала төлөп коймок. Бул баа-рыбыз үчүн ыңгайлуу, элге да, мамлекетке да пайдалуу болмок.
“Газпром Кыргызстан” компаниясы деле жаратылыш газы үчүн төлөмгө 20-30%дык арзандатууларды киргизсе, баарыбыз эле мүмкүн болушунча алдын ала төлөгөнгө
өтмөкпүз.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”