Башкы беткеМаанилүүБишкекте жаңы электробустар каттап баштады

Бишкекте жаңы электробустар каттап баштады

Бишкек шаарында бүгүнтөн тартып жаңы электробустар каттап баштады. Муниципалитеттин маалыматына караганда, алар алгачкы этапта № 4, № 10 жана № 11 каттамдарына чыгарылды. Жакынкы күндөрү № 14, № 66 жана № 33 каттамдарга да электробустар кошулмакчы.

Жаңы киргизилген № 66 жана № 33 багыттары шаар ичиндеги кыймылды жеңилдетүүгө багытталса, мурда троллейбустар жүргөн № 11 каттам эми заманбап электробустар менен тейленет.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын башында Кытайдан 120 электробус алып келинип, мурдагы Троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толугу менен реконструкцияланып, жаңы техникаларды тейлөөгө ылайыкташтырылган. Бул өзгөрүү Бишкектин коомдук транспортун жаңыртып, экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу каттамдарды түзүүгө шарт түзөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар