Башкы беткеЖогорку КеңешДепутат кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды

Депутат кесиптештерин кызматтык унаадан баш тартууга чакырды

Бүгүн, 9-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов сөз сүйлөп, талкуу жаратып жаткан кызматтык унаадан баш тарта турганын билдирди.

«Мен кызматтык унаа албайм. Менин округумдагы мэрдин кызматтык унаасы жок болуп жатат. Ошондуктан расмий түрдө кызматтык унаадан баш тартам. Популист болуп жатат, упай алып жатат деп ойлобогула. Элде да кайчы пикир жаралып жатат. 1,5 жыл убактыбыз калыптыр, жаман атты болуп, кызматтык унааны албай эле коёлу»,- деди ал.

3-апрелде Жогорку Кеңеш кызматтык унааларды пайдалануунун тартиби жөнүндө токтом кабыл алган. Маселени кароо жабык эшик артында өткөн. Жергиликтүү ЖМКлар депутаттарга кызматтык унаа катары ​​кытайлык Li Xiang L7 (70 унаа) жана L9 (20 унаа) компаниясынан орто өлчөмдөгү люкс кроссоверди сатып алуу жана жеткирүү пландалып жатканын жазышкан. Жогорку Кеңеш маалымат таратып, кайсы маркадагы унаа алынып келинери азырынча толук чечиле электигин билдирген.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар