Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга ат салышууда

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болууга ат салышууда

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу эмес мүчөлүккө талапкерлигин койду. Бул тууралуу уюмдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Аида Касымалиева билдирди.

Анын айтымында, талапкерлик үчүн күрөш жеңил болбойт, бирок өлкө бардык аракеттерин жумшайт. Бул маселе президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экени белгиленди.

Филиппин дагы бул орун үчүн талапкерлигин сунуштап жатат.

Коопсуздук кеңеши 15 мүчөдөн турат: Кытай, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Россия — туруктуу мүчөлөр. Калган он орун эки жылга шайланган мамлекеттерге берилет. Азыркы учурда туруктуу эмес мүчөлөр катары Алжир, Дания, Греция, Гайана, Пакистан, Панама, Корея Республикасы, Сьерра-Леоне, Словения жана Сомали бар.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар