Бишкек шаарындагы Ынтымак Ордодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынды Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар маселелер каралып, Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомдору жактырылды.
Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Билим берүү министрлигинин алдында «21-мектеп – санариптик технологиялар мектеби» аттуу чоңдор үчүн кошумча билим берүүчү билим берүү уюмун түзүү тууралуу токтомду колдошту.
Бул документ санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын заманбап IT-программаларына акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, эмгек рыногунда талап кылынган IT-адистерин даярдоо үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, инновациялык ыкмаларды жана санариптик технологияларды колдонуу аркылуу билим берүү процессинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу каралган.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга тиешелүү багыттар боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

