Эсептөө палатасы Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде, ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышына аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.
Аудиттин жыйынтыгында Маданият министрлигинде ички көзөмөлдүн жетишсиздиги жана финансылык тартиптин сакталбаган учурлары катталган. Тактап айтканда:
-
кызматкерлердин айлык акысын төлөөдө жана кызматтык иш сапарларга каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузуулар аныкталган;
-
келишим түзүүдө процедуралар сакталбай, мыйзамга каршы 10 пайыздан ашык аванстык төлөмдөр жүргүзүлгөн;
-
айрым учурларда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмү же баасы негизсиз жогорулатылган;
-
мамлекеттик мүлктү жана товардык-материалдык баалуулуктарды пайдаланууда бухгалтердик эсеп талаптары бузулган.
Эсептөө палатасы министрликке аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу, бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жана финансылык тартипти күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.
Ошондой эле аудит Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде да жүргүзүлүп, жалпысынан 36 млн 560,3 миң сом өлчөмүндө каржылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинен 11 млн 225,4 миң сом бухгалтердик эсеп жүргүзүүдөгү каталарга байланыштуу болсо, калган бөлүгү негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу жана материалдык баалуулуктарды баланска чыгарбоо фактыларына тиешелүү.
Мындан тышкары, мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөөдө мыйзам талаптары толук сакталбаганы, бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануу учурлары белгиленди. Текшерүү учурунда көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында 2 млн 12,4 миң сом калыбына келтирилди.
Эсептөө палатасы эки министрликке тең аныкталган кемчиликтерди жоюу, финансылык тартипти чыңдоо жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштарды берди.


