Марлен Маматалиев Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалы менен таанышты

0
9543

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас районунун Семетей айылындагы маданият үйүнүн абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган маданият үйү 1958-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Имараттын эскилиги жеткендиктен, утурумдук оңдоп-түзөө иштерине карабастан, жаңы имарат куруу зарылдыгы жаралган.

Сапардын жүрүшүндө маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев төрагага келечекте курула турган көп функционалдуу маданий борбордун типтүү долбоорун тааныштырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы сунушталган долбоорду колдоп, тиешелүү жетекчилерге бул объектти курулуштун титулдук тизмесине тез арада киргизүүнү тапшырды.

“Бул маданий жай жергиликтүү эл үчүн өтө маанилүү. Тиешелүү мекемелер керектүү иштерди ыкчам жүргүзүп, Семетей айылына жаңы маданият үйүн куруп бериши керек. Долбоор кагаз жүзүндө калбай, сөзсүз ишке ашууга тийиш”, – деди Марлен Маматалиев.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз