Түркмөнстанда Ирандагы аскердик аракеттерден улам баалар кескин жогорулады. Бул тууралуу turkmen.news маалымдады.
Маалыматка ылайык, эң чоң өсүү азык-түлүк товарларында байкалды. Маселен, Ашхабадда Ирандан келүүчү картошка килограммга 5–6 манаттан 17 манатка чейин кымбаттады. Пияз жана помидордун баасы да дээрлик эки эсе өстү — килограммга 17 манат.
Цитрус жемиштер да кымбаттап, апельсин 9дан 18 манатка, мандарин 12ден 22 манатка жетти. Ал эми алмалар азыр 17 манат болуп сатылууда, буга чейин 10 манат болгон.
Бүтүн үй чарбасы үчүн керектелүүчү буюмдардын баасы да жогорулады. Мисалы, жидкостуу кир жуугуч каражаттар Comfort жана Persil 10–15 манатка кымбаттаган. Жууучу каражаттар AVE, Persil жана Test бренди боюнча 20–60% кымбаттаган. Сатуудагы товарлардын запасы азайып баратканы жана баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн экени эскертилди.
Сигареттердин баасы орто эсеп менен 35–40%га өстү. Мисалы, Kent пачкасы 60–65 манаттан 85–90 манатка жеткен, ESSE 50–55тен 80 манатка, Marlboro 95тен 170 манатка чейин кымбаттаган.
Ошондой эле курулуш материалдары — цемент, металл жана жыгач — болжол менен 40%га кымбаттады. Бул Иран аркылуу келчү товарлардын жолунун жабылышынан улам, ишкерлер альтернативдүү маршруттарды Грузия жана Азербайжан аркылуу издешүүгө аргасыз болуп жатканы менен байланыштуу.
Эксперттердин айтымында, баалардын өсүшү Түркмөнстандын импортко, өзгөчө Иран товарларына көз каранды болушунан келип чыккан. Мындай товарлар жергиликтүү продукцияга караганда сапаттуу деп эсептелет.
Белгилей кетсек, мындай баа өсүштөр мурда да болгон — мисалы, 12 күндүк аймактык согуш учурунда жана 2024-жылдын күзүндө Иран чек араны убактылуу жаап койгондо. Түркмөнстандын бийлиги мындай кризистерге узак мөөнөттүү стратегияны коомчулукка ачык айтканы жок.

