Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар жол куруу жана оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, Р. Моминова көчөсүн реконструкциялоого республикалык бюджеттен 195,1 млн сом бөлүнүп, 1,6 чакырымдык жол 2025-жылы бүткөрүлмөкчү. Ал эми Волгоград көчөсүнүн 2,1 чакырымдык бөлүгү быйыл бүткөрүлөт, анын сметалык баасы 142,2 млн сом.
Ошондой эле Касымалиев Ы. Монуев жана А. Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы эки деңгээлдүү жолдун курулушу менен таанышып, бул долбоор шаардагы унаа тыгындарын азайтып, шаардыктарга ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. Жалпы баасы 269 млн сомдон ашкан бул жол жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, быйыл бүткөрүлөт.
Сапардын соңунда Министрлер Кабинетинин төрагасы кеңешме өткөрүп, шаар инфраструктурасын өнүктүрүү, мыйзамсыз курулуштар жана Сулайман-Тоо айланасындагы иштер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Өкмөт башчы мамлекеттик жана муниципалдык жетекчилерге жарандардын жашоо шартын жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берип, пландардын ырааттуу жана сапаттуу аткарылышы зарылдыгын белгиледи.