whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
17.06.2025
35.5 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомОшто кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курулууда

Ошто кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы имараты курулууда

23-майда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жаңы диагностикалык бөлүмүнүн курулушу үчүн мезгил кутусун салды.

Министр сапардын алкагында борбордун жамааты менен жолугуп, учурдагы маселелерди талкуулап, кызматкерлердин суроолоруна жооп берди. Ал саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү — президент Садыр Жапаров башында турган өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Министрдин айтымында, мамлекеттик колдоонун негизинде өлкөдө ай сайын жаңы медициналык мекемелер ачылууда. Маселен, 22-майда Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жаңы оорукананын эшиги ачылган.

Ошондой эле ал медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын айырмачылыгы боюнча маселеге токтолуп, 2025-жыл ичинде бардык деңгээлдеги кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.

Сапардын жүрүшүндө Эркин Чечебаев өрттөн жабыркаган административдик имараттын абалы менен да таанышып, анын ордуна жаңы имарат куруларын маалымдады. Мындан сырткары, борбордун хирургия бөлүмүн кыдырып, шарттар менен жеринен таанышты.

Жыйынтыгында министр борбордо көтөрүлгөн маселелерди терең изилдеп, тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар