Башкы беткеСаясат жана коомКоомАкыркы коңгуроо алдында мектеп директорлоруна жоопкерчилик эскертилди

Акыркы коңгуроо алдында мектеп директорлоруна жоопкерчилик эскертилди

23-майда Бишкектин мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №69 мектепте борбор калаадагы мектептердин директорлору менен жыйын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, жыйында Бишкек шаарынын улук прокурору Гүлзат Алымкулова «Акыркы коңгуроо» салтанатында окуучулардын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгына токтолду.

Ошондой эле, 2024-2025-окуу жылына карата Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарына контролдук-усулдук иш-чаралар тууралуу маалымат берилди.

Мындан сырткары «2025-жылдын мыкты мугалими» сынагынын жыйынтыгы жана окуу жылын жыйынтыктоого байланыштуу башка орчундуу маселелер каралды.

Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Бул күнү райондордо күчөтүлгөн режимде рейддер өткөрүлөт.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар