whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган жумалык башталды

Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган жумалык башталды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган жумалык иш-чаралар башталууда.

Бүгүн, 12-майда Тоголок Молдо паркында акындын эстелигин орнотуу үчүн Бишкек мэриясы бөлгөн жерге таш коюу аземи өтөт. Ошондой эле Мукаш Абдраев атындагы музыка мектебинде шаардык китепканалар арасында район аралык сынак башталат.

Сооронбай Жусуев 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөп, эки жолу жараат алган согуш ардагери болгон.

13-майда Иван Панфиловдун эстелиги алдында эскерүү реквиеми өтөт. Түштөн кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Мезгил кайрыктары» аттуу адабий-музыкалык кече уюштурулат.

14-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети демилгелеген республикалык илимий-практикалык конференция Улуттук тарых музейинде өтөт.

15-майда Ала-Арча көрүстөнүндө акындын бейитине барып куран окутулат. Кечинде Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башкы мааракелик адабий-музыкалык салтанат болот. Ошондой эле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Жусуевдин чыгармачылыгына арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү ачылат. Ушул күнү УТРК каналында чыгармачылыгына арналган атайын программалар көрсөтүлөт.

16-майда Алтын Ордо конушунда жайгашкан №98 мектепке Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылып, атайын салтанат өтөт.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Алгачкы ыр жыйнагы «Эмгек күүсү» 1950-жылы жарык көргөн. Жалпысынан 30дан ашуун китеби кыргызча, 14 китеби орусча чыккан. 1998-жылы “Курманжан датка” поэтикалык романы үчүн Токтогул сыйлыгына татыган. Акын 2016-жылы 4-февралда дүйнөдөн кайткан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар