Башкы беткеМаанилүүАкжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө

Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө. Бул тууралуу ал Алматыдагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинен кийин билдирген.

Махмудов анын быйылкы башкы максаты дүйнө чемпионатын утуу экенин айткан.

Ошондой эле ал 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына катышып, жеңишке жетүүнү көздөп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионаты быйыл 13-21-сентябрда Хорватияда өтөт.

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, эки жыл катары менен дүйнө чемпионатын уткан (2022, 2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгесинин ээси, Азиянын үч жолку чемиону, бир жолу күмүш уткан.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар