Башкы беткеРубрикаларАймактарОш–Кара-Суу жолу эки багытта кош тилкелүү болуп курулат

Ош–Кара-Суу жолу эки багытта кош тилкелүү болуп курулат

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн Ош–Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп куруларын билдиришти.

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жумушчу сапары менен Кара-Суу районуна барып, Ош – Кара-Суу унаа жолунун оңдоп-түзөө иштерине карата
даярдыктарды жеринде көрдү. Иш сапардын алкагында жаңы жолдун болжолдуу долбоору талкууланып, кошумча сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилеп кетсек, буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жыйында аталган унаа жолунун курулушу жакын арада башталарын маалымдаган.

Ушул билдирүүгө ылайык, облус жетекчиси Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилерге долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүү жана ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берди.

Алдын ала долбоорго ылайык, Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат. Жолдун эки тарабында велосипед жолдору жана жөө адамдар үчүн тротуарлар салынат. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, жолдун ортосу көрктүү гүлзарлар менен кооздолот.

Бул долбоор шаардык жана райондор аралык транспорттук кыймылды жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

Өз маалыматыбыз

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар