whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
07.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомУлуттук программа: өнүгүү багыттары

Улуттук программа: өнүгүү багыттары

Арапбек АБДЫГУЛОВ,
2-3-Элдик курултайдын делегаты

Мамлекеттик ишканаларды реформалоо зарыл

Жакында Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы жарыяланып, эринбей көз жүгүртүп чыктым.

Элдин эсинде болсо керек, өткөн жылдын акыркы айында «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жол аталган мамлекеттик докторина кабыл алынган. Учурда жер-жерлерде аны түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. 1-2-3-Элдик курултайдын делегаттары тарабынан конкреттүү  көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору сунушталган Программа Курултайдын катчылыгы тарабынан иреттелип, Президентибиз Садыр Жапаров бул документтерге аны жүзөгө ашыруу үчүн кол койгон. Улуттук программа ошол документтердеги максаттарды ишке ашыруунун рыноктук учурдагы иш мерчемдери деп билсек болот.

Эми программаны канткенде турмушка ашырсак деген маселеге келсек, аны ишке ашыруу үчүн бардык негиз, өбөлгөлөр бар. Өткөн 3  жылда эң оболу саясий стабилдүүлүк орноду. Чек ара маселеси чечилди. Эл аралык мамилелер жөнгө салынып, дипломатиялык багытта мыкты иштер аткарылууда. Өндүрүш өнүгүү багытына алды. Канчалаган социалдык объектилер курулуп, калкка кызмат кылууда. Программа ошону андан ары багыттоочу документ.

Анда мамлекетти башкарууну реформалоо боюнча багыттар да ачык айкын жазылган. Бирок, биздин мамлекеттик мекемелердин жетекчилери рыноктук талапка ылайык интенсивдүү иш алып бара албай жатышат. Маселен, калкка кызмат көрсөтүп, пул тапкан Калкты тейлөө борбору, Архитектурадагы акы алып документтерди  даярдоочу мекеме жана Мамлекеттик каттоо ишканасы өздөрүндө башкаруу багытында реформа жүргүзсө жакшы болмок. Бул мекемелердеги кезек күтмөй, айлап документтерди жасабай убара кылган фактылар жоюлбады.

Ошондой эле мигранттардын аягын суюлтуш үчүн чакан ишканалардын өнүгүшүнө көңүл бурулса. Аял кишилерди сыртка чыгарбоо үчүн жеңил өнөр жайына, айрыкча чакан тигүү цехтери колго алынса.

Айрыкча, аял кишилердин сыртка агымын токтотуу үчүн жасалган аракеттер ыкчам ишке ашырылса. Жеңил өнөр жайына көңүл бурулса, айрыкча аял кишилер жумуш менен камсыз болушмак. Бул энелердин сыртка агымын азайтмак. Аны чечүүнүн бир жолу – чакан тигүү цехтерин өнүктүрүү максаттуу, аз пайыздык кредиттер менен колдоо зарыл.

Коррупция менен күрөш дагы тереңдеп уланышы керек. Бул багытта Программада конкреттүү жазылган. Албетте, улуттук программа Кыргыз мамлекетибиздин күчтүү болуп өнүгүүсүн жана жарандардын бардар, бейгам жашоосун камсыздоону максат кылат. Документтин ишке ашышына, эң негизги таяныч болгон жергиликтүү бийлик башындагылар окуп чыгып, анын маани-маңызын түшүнсө жакшы болот эле.

Жаныбек КЕРИМАЛИЕВ,
Айыл чарба министринин биринчи орун басары:

Соода логистикалык
борборлорду кеңейтүү абзел

Президенттин бул жарлыгы өз учурунда кабыл алынды десем болот. Калкынын негизги катмары айыл чарбасы менен алектенген Кыргызстан үчүн бул тармакты өнүктүрүү негизги багыттардын бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда табигый, экологиялык продукцияларды өндүрүп, дүйнөлүк экспортко чыгаруу иштери бар. Андан сырткары импорттолуп жаткан негизги продукцияларды өзүбүздө өндүргөндөрдү колдоо кажет.

Улуттук программанын “Айыл чарба” вектору боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 2 эсеге көбөйтүү, суунун жоготуу деңгээлин азайтуу, сугат аянтын көбөйтүү каралган. Соода логистикалык борборлорду кеңейтүү абзел.

Биз жаштарды айыл чарба багытында билим алууга шыктандырышыбыз зарыл. Анткени, келечекте бул адистиктин ээлерине жумуш көбөйө турганы талашсыз. Андыктан Айыл чарба университетинин кадырын көтөрсөк, балдардын бул тармакка болгон кызыгуусу артат.

Алмаз НАСЫРОВ,
экономика илимдеринин доктору, эксперт:

Өнүгүүнүн багыттары так аныкталган

Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча Улуттук программасынын кабыл алынышы чынында учурдагы эң актуалдуу маселелердин бири болду.

Эсиңиздерде болсо 2020-жылга чейин мындай улуттук программалар, өнүгүү стратегиялары көп эле кабыл алынган, бирок алардан жыйынтык чыккан эмес. Ошол себептен 2020-жылдан тарта мурдагы программалардын артыкчылык, кемчиликтери анализденип туруп жаңы документ түзүлгөн. Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылы нормативдик-укуктук документтерди инвентаризациялоо иш долбоору кабыл алынган болчу. Бүгүнкү күндө ошол кемчиликтерди, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен жаңы документ кабыл алынды. Программанын артыкчылыгы – бул документте туруктуу өнүгүү, өсүү траекториясы терең изилденип,  ал адам ресурсунун өнүгүшүнө чоң салым кошуш үчүн экономикалык, саясий туруктуулукту камсыз кылууга багытталыптыр. Көп окумуштуулар, эксперттер биригип ички жана сырткы факторлорду изилдеп, Кыргызстандын атаандаштык күчтүү жактарынын негизинде
даярдалган.

Чынында өлкөбүз жаратылыш ресурстарына бай, калктын 40 пайызы жаш муун болгондуктан жумушчу потенциалыбыз да жогору. Экинчиден, Кыргызстан стратегиялык жактан алганда эң чоң өлкөлөрдүн ортосунда жайгашкан. Ошондуктан Кыргызстанды хаб катары карасак экономикабызда чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Үчүнчүдөн, бул улуттук программа Кыргызстандын өнүгүшүнө зор мүмкүнчүлүктөрдү бере турган глобалдык жана регионалдык тренддерди камтыйт. Бул жеке эле экономикалык эмес, социалдык, гуманитардык өнүгүүгө абдан чоң салым кошот. Глобалдык түрдө карасак Кыргызстанда Жашыл экономика боюнча да чоң потенциал бар. Өлкөбүздүн экономикасынын негизин түзгөн гидроэнергетикабыздын 85 пайызы жашыл экономика десек болот. Мына ушунун баары Улуттук стратегияда камтылган.

Эң башкысы бул программада өнүгүүнүн төрт багыты так аныкталып, бекитилген. Биринчи багыт бул – индустриализация. Тагыраак айтканда, заманбап өнөр жай базасын өнүктүрүү, кайра иштетүүнүн үлүшүн көбөйтүү, технологияларды киргизүү жана кластердик ыкманы колдонуу. Экинчи багыт – Кыргызстанды аймактык хаб катары Кытай, ЕАЭБ өлкөлөрү жана Түштүк Азиянын ортосундагы логистикалык, соода жана транзиттик борборго айландыруу. Үчүнчү багыт – айыл чарба жана туризм. Азык-түлүк коопсуздугуна жана экспортко басым жасоо менен агрардык секторду туруктуу өнүктүрүү, атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик индустрияны түзүү. Төртүнчү багыт – жашыл энергетика. Кайра жаралуучу энергия булактарынын үлүшүн жогорулатуу, гидроэнергетиканы жана жаңы энергетикалык чечимдерди өнүктүрүү аркылуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүү.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар