Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактардагы элге кайрылды.
«Мүмкүнчүлүгүбүздүн 10 пайызын гана колдонуп келебиз. Сууларыбыз жөн эле агып кетип жатат. Өлкө боюнча массалык түрдө чакан ГЭСтер курулуп жаткан аймактарда жергиликтүү калк «суубузду кирдетип жатасыңар» деп жол тосуп, курулушчуларга тоскоолдуктарды жараткан учурлар катталды. Суу башында туруп 3 миллиард кВт/с электр энергияны импорттогон мамлекетпиз. Импорттолгон электр энергиянын баасы 1 кВт/саатына 3 сом 50 тыйынды түзөт», – деген Жапаров.
«Ал эми жергиликтүү тургундарга айтарым – курулуш иштерине тоскоол болбогула. Курулуш иштери күндүз жүрөт. Эртең менен эрте суу булгана электе таза суу алып алгыла. Ыңгайсыздыкка 3 ай чыдап койгула. Курулуш иштери, көп болсо, 3 ай жүрөт.
Курулган ГЭСтер өмүр бою мамлекетибизге, өзүңөргө жана келечек муундарга кызмат кылат. Ошондуктан курулуш иштерине өзүм билемдик менен тоскоол кылбагыла. Келечек муундарга кызмат өтөп кетели»,- деп жазды ал.