whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.05.2025
32.5 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Сулайманов: "Жыл жыйынтыгын чыгарып, эми...

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Сулайманов: «Жыл жыйынтыгын чыгарып, эми 2025-жылдын максаттарын аткарууга кириштик”

    Кыргыз Республикасынын президентинин 2023-жылдын  29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын март айында эки айыл өкмөт биригип, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү түзүлгөн.  Административдик борбору болуп Кызыл-Октябрь айылы аныкталып, айыл өкмөтү Кызыл-Октябрь айылында жайгашкан.
     Кызыл-Октябрь айыл аймагынын аянты  – 34348 га. Калктын саны – 6760 адам болсо, түтүндүн саны – 1451. Биздин айыл аймагыбызда 12 улуттун өкүлдөрү ынтымактуу жашашат. Айыл аймакта 3 мектеп, 5 бала бакча, 4 маданият үйү, 4 китепкана, 1 ГСВ, 5 ФАП иш жүргүзөт. Кызыл-Октябрь орто мектебинде – 463, Ак-Бекет орто мектебинде – 346, Жаңы-Алыш орто мектебинде 397 окуучу окуйт. Үч мектепте баардыгы 96 мугалим эмгектенет.
     Ошондуктан, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарган иштери жана 2025-жылга каралып жаткан иш-чараларга  токтололу.

Билим берүүгө көңүл бурулган

– Мектептеги ашканалар талапка жараша иштеп жатат. Кызыл-Октябрь орто мектебинде 1-класстан – 4-класска чейинки 214 окуучу ысык тамак менен камсыздалган, ал эми  Ак-Бекет мектебинде – 138 окуучу, Жаңы-Алыш мектебинде – 177 окуучу ысык тамак ичет. Айыл өкмөт тарабынан бир балага күнүнө 6 сомдон, бир айда 126 сомдон берилет, андан тышкары байытылган ун менен камсыз кылынат. 5 бала бакчада 461 бала тарбияланат, 1 айга ата-энелер 1 баланын тамагына 800 сомдон төлөшөт. Аймак боюнча беш бала бакчага аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 45 балага айыл өкмөт тарабынан 800 сомдон төлөнөт. Айыл өкмөт тарабынан бир балага күнүнө 18 сомдон, бир айда 380 сомдон берилет.

Жыйынтыгында, мектеп, бала бакчалардын тамак-ашына 4 млн. 866 миң 200 сом каржыланды.

 Айыл чарба, мал чарбачылыгы өнүгүүдө

– Кызыл-Октябрь айыл аймагы боюнча дыйканчылык, талаачылык иштери, дан эгиндери менен көп жылдык чөп басымдуулук кылат. Жалпы айдоо жер аянты 5616,9 га, анын ичинен сугат жер 5163 га, кайрак жердин аянты 456,9 га. Анын ичинен ГФСУнун жери – 975 га,  айдоо жери – 682,5, кайрак жери – 87 га, чабынды – 203,5 га, 2 га – көп жылдык бактар.

Азыркы жашоо турмушта айыл жергесинин негизги булагы болгон мал чарбасына өзгөчө көңүл бурулуп, мал ооруларынын алдын алуу, эмдөөлөр дайыма  жүргүзүлүүдө, 2261 уйга эмдөө жүргүзүлдү жана кан алынды, жылкыдан 111 башка эмдөө жүргүзүлдү. Айыл аймагыбыз боюнча 15000 баш  майда малга, 1920 баш  уйга идентификациялоо жүргүзүлдү, 1920 баш жылкыларга чип коюлду.

2024-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү

– Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү  2024-жылдын 12 айына 137 млн. 600 миң 800 сомго аткарылды.

Жалпы мамлекеттик салыктар, такталган  план боюнча 12 млн. 556 миң сом, ал эми аткарылышы 16 млн. 469 миң 100 сом 131% аткарылды.

Жергиликтүү салыктар жана жыйымдар такталган план боюнча 6 млн. 170 миң 200 сом, ал эми аткарылышы 7 млн. 720 миң сом же 125% аткарылды. Жер салыгы боюнча мурдагы карыздардан 398,7 миң сом өндүрүлдү.

Салык эмес кирешелер  такталган план боюнча 96 млн. 444 миң 400 сом, ал эми аткарылышы 105 млн. 781 миң 100 сом же 110% түзөт.

Республикалык бюджеттен максаттуу (целевой) грант жалпы  2 млн. 651 миң 700 сом түштү, анын ичинде  (2024-жылы  жер салыгы Республикалык бюджеттен  2165,9 миң сом). Теңдөөчү грант 4 млн. 978 миң 900 сом.

2024-жылдын 12 айындагы  бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы – 109 млн. 605 миң 900 сом  көлөмүндө аныкталды.

Жергиликтүү башкаруу органдарын каржылоо

  • Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан жергиликтүү башкаруу органдарын тейлөөгө – 34 млн. 966 миң 600 сом сарпталды.
  • Билим берүү тармагына – 29 млн. 341 миң 200 сом.
  • Социалдык камсыздоо бөлүмүнө – 3 млн. 976 миң 600 сом.
  • Маданият жана спорт бөлүмүнө – 11 млн. 411 миң 700 сом.
  • Жарандык коргоо жана өзгөчө  кыр-даалдар бөлүмүнө – 91 миң 700 сом, экономикалык маселелер (жайыт комитети) – 1 млн. 125 миң   400 сом, турак жай  жана  коммунал­дык чарбасы – 32 млн. 155 миң 900 сом сарпталган.

Жалпы эмгек акы жана социалдык төгүмдөргө 14 млн. 801 миң 900 сом, контракттык негиздеги эмгек акы жана социалдык төгүмдөргө 2 млн.146 миң 800 сом, таш көмүргө 1 млн. 840 миң 400 сом, таза сууга, электр энергияга 365 миң сом, кызматкерлерге, мугалимдерге  көмүр алууга компенсация 923,0 миң сом.

  • “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканага айыл өкмөт тарабынан берилген муниципалдык заказдарды  аткарууда  берилген  субсидия 7174,3 миң сом.

Айыл аймактагы ички жолдор

  • Социалдык экономикалык өнүгүү иш планында каралган долбоорлордун аткарылышы  боюнча Кызыл-Октябрь айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында:
  • Ак-Бекет айылынын Зеленая, Октябрьская, Чехова көчөлөрүнүн жолдорун асфальт-тоого (2067 м.)   8659,7 миң сом жергиликтүү бюджеттен, 6048,3 миң сом Кемин өнүктүрүү фондусунан, жалпы 14708,0 миң сомго аткарылды.
  • Кызыл-Октябрь айылындагы Барктабас көчөсүнө асфальт (589м) 2369,0 миң сомго жергиликтүү бюджеттен  каржыланды.
  • Кызыл-Октябрь, Кашкелең, Ударник айылдарына 834,7 миң сомго 94 даана темир- бетон столбалары жаңы көчөлөргө  электр чубалгыларын  тартууга алынды, көчө шамдарын  оңдоого  жана  МТФга электр чубалгыларын тартууга  материалдар 282,9 миң сомго, айыл өкмөтүнө караштуу объектилерине, көчө жарыктандырууга  акылдуу эсептегич (счетчиктер)   298,0 миң сомго  сатылып    алынып орнотулду.

Сергек жашоо спорт менен

  • Кыз-Күйөө айылындагы балдар аянтчасынын тегереги тосулуп, кошумча беседка куруу, ремонт иштерине 382,2 миң сом сарпталды.
  • Кызыл-Октябрь айылындагы кичи футбол аянтчасынын ремонту 344,4 миң сомго аткарылды.
  • Кашкелең айылынын спорт комплекси 2024-жылдын 28-мартында болгон катуу шамалдан жабыр тарткан чатыры  жана фасадынын ремонтуна Кемин өнүктүрүү фондунан 897,7 миң сом каржыланды жана жергиликтүү бюджеттен      спорттук  инвентарлар 638,7 миң сомго сатылып алынды.
  • Жаңы-Алыш айылындагы кичи футбол талаасы катуу шамалдан кулап калгандыгына байланыштуу Кемин өнүктүрүү фондунан 1537,5  миң сомго келишим түзүлүп,  1107,3 миң сом  каржыланды жана кошумча жумуштарына  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1333,9 миң сом сарпталды.
  • Ударник айылындагы балдар оюн аянтчасы башка кооптуу жерге көчүрүлүп, тегереги 512,6 миң сомго тосулду, Ак-Бекет, Жел-Арык, Сазбулак айылындагы балдар аянтчасынын ремонт иштерине 179,8 миң сом сарпталды.

– Ар кандай спорт оюндарына 443,6 миң сом, резервдик фонддон спорт оюндарына 529,3 миң сом жумшалды.

Ар кандай район, облус, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги кароо-сынактардан, олимпиадалардан, фестивалдардан, спорттук мелдештерден байгелүү орундарды ээлеген жана ЖРТ жыйынтыгы боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларга жана аларды даярдаган  мугалимдерге  341,0 миң сом  сый акылар берилди.

Таза суу өмүр булагы

  • Жаңы-Алыш жана Ак-Бекет айылдарына таза суу скважинасына насос 349,7 миң сомго алынып  орнотулду.
  • Кызыл-Октябрь, Дорожное, Сазбулак, Ударник айылдарынын ички жана талаа жолдоруна шагыл төшөө, грейдирлөө  3844,2 миң сомго  аткарылды.
  • Кызыл-Октябрь айылындагы арыктарды оңдоо иштерине лоток, трубаларды сатып
    алууга келишим 4216,8 миң сомго түзүлдү, анын ичине 620,0 миң сомго 40 даана асбест трубалары сатылып алынды, Кемин өнүктүрүү фондунан каржыланды.
  • Айылдарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 149,0 миң сомго асбест трубалары алынды.
  • Жашылдандырууга 540,8 миң сом сарпталды.
  • Чолок айылындагы “Апамдын каттамасы” соода борборун кооптуу жакка жылдыруу максатында, таза суу чыгарууга скважина куруу, электр энергиясын тартууга, коомдук даараткана курууга 20558,3 миң сом Кемин өнүктүрүү фондунан
    каржыланды.
  • Өдүрүштүк максаттар үчүн 1 га жер 2499,9 миң сомго сатылып алынды, “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишкананын техникаларына   гараж  салуу үчүн.

Айыл аймактын каржылоосундагы иш-чаралар

  • Сазбулак айылына ар кандай буюмдарын сактоого контейнер 148,0 миң сомго алынды.
  • Жел-Арык, Ударник айылдарындагы мүрзөнүн тегерегин курчоого 446,5 миң сомго материалдар алынды жана айылдарга жай казууга 54,3 миң сомго инвентарлар алынып берилди.
  • Кызыл-Октябрь, Ак-Бекет, Кашкелең, Жел-Арык, Ударник айылдарындагы ортодогу боз үйлөрдүн сырткы брезенттерин  алмаштырууга жергиликтүү бюджеттен 350,0 миң сом каржыланды.
  • Кызыл-Октябрь айылдарына байланыш оптико-волокондук чубалгылар 3551,5 миң сомго Кемин өнүктүрүү фондунан каржыланды.
  • Жеке турак жай куруу үчүн жерлерди трансформациялоо боюнча археологиялык казуу кызматтары 2129,0 миң сомго 23 курган казылды.
  • Айыл өкмөтүнүн администрациялык имаратынын курулушу 24123,9 миң сомго аткарылды, эмеректер, кондиционерлер, жалюзи, интерактивдүү   панель, телевизор, бензин  генератору, музыкалык аппаратура   3436,2 миң сомго алынды.
  • Дорожное айылындагы  клубдун  тегерегин тосуу, электр жылытуу системасын орнотуу, подвалын  оңдоо, коридор жана сырткы даараткана курууга 970,0 миң  сом сарпталды.
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттигинен мектеп автобусу 3934,8 миң  сомго белекке алынып берилди.

Дени сак улут, дени сак өлкө

  • Кызыл-Октябрь айылындагы ФАПка жылытуу системасы 220,1 миң сомго орнотулду.
  • Кашкелең айылына АРИС долбоору менен ФАПтын имараты курулууда, келишим 5405,3 миң сомго түзүлдү, ЖБ – 1838,3 миң сом, АРИС – 3567,0 миң сом, долбоор 90% аткарылды.

Билим  берүү тармагы көңүл борборунда

  • 2024-жылдын 28-мартында болгон катуу шамалдан жабыр тарткан Ак-Бекет мектебинин чатырынын  ремонтуна 1641,7 миң сом, Жаңы-Алыш  мектебинин  чатырынын ремонтуна  987,4 миң сом  Кемин өнүктүрүү фондунан   каржыланды.
  • Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебинин сыртын жылуулоо жана ашканасын оңдоо иштери 5493,5 миң  сомго (АРИС-2175,0 миң сом, Кемин ОФ-3318,5 миң сом)  толугу  менен аяктады.
  • А.Аширбаев атындагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин ашканасынын ремонтуна 2023-жылы 425,6 миң сом сарпталып, ал эми  2024-жылы  600,9 миң  сом сарпталып,  жалпы  1026,5 миң сомго  оңдоо иштери  аяктады.
  • Кызыл-Октябрь бала бакчасына 132,1 миң сомго электр плитасы жана эмеректер 137,0 миң сомго сатылып алынды.
  • Т.Абдумомунов атындагы Жаңы-Алыш орто мектебине жылытуу системасын орнотуу жана котельный куруу Кемин өнүктүрүү фондунан 23341,8 миң сомго келишим түзүлүп,  16339,3 миң сом  каржыланды, долбоор 70%  аткарылды жана  эки класска парта, доска эмеректер  322,8 миң сомго  алынды.
  • Кыялбек Бегалиев атындагы Жаңы-Алыш айылындагы бала бакчасына жаңы котельный куруу жана жылытуу системасын орнотуу боюнча Кемин өнүктүрүү фондунан 11001,2 миң сомго келишим түзүлүп, 7700,9  миң сом  каржыланды, долбоор 70%  аткарылды.
  • Ак-Бекет айылына 100 орундуу бала бакча курууга келишим 59778,5 миң сомго түзүлдү, мамлекеттик курулуш жана архитектура көзөмөлүнөн өтүп жергиликтүү бюджеттен  5977,9 миң сом  каржыланып,  жумуш иштери жүрүп  жатат.
  • Жел-Арык айылындагы бала бакчага жыйындар  залын   куруу боюнча  келишим  декабрь айынын аягында  3052,7 миң сомго түзүлдү, күн жылыганда курулуш иштери башталат.
  • Ак-Бекет жана Кызыл-Октябрь орто мектебине, буу казан операторлору  үчүн  санитардык түйүндөрүн орнотуу үчүн келишим 611,4 миң сомго түзүлдү, Ак-Бекет мектеби 305,7 миң сомго  аткарылды, Кызыл-Октябрь мектебине 265,5 миң сом жумшалды.
  • Ак-Бекет мектебине 32 даана видео­көзөмөл 239,1 миң сомго орнотулду.
  • Мектеп, бала бакчаларга, маданият үйлөрүнө балаты, гирляндалар, оюнчуктар жана костюмдарга 184,3 миң сом сарпталды.
  • Ак-Бекет жана Кызыл-Октябрь орто мектебинин алгачкы аскердик кабинетин оңдоо, долбоор 275,9 миң сомго 100% аткарылды
  • Кызыл-Октябрь, Ак-Бекет мектептериндеги көмүрканалардын астын бетондоо 227,9 миң сомго аткарылды.
  • Жаңы-Алыш бала бакчасына 128,5 миң сомго электр плитасы, 37,9 миң сомго ашканага  темир стеллаждар  сатылып алынды.
  • Кызыл-Октябрь, Ак-Бекет, Жел-Арык айылдарындагы бала бакчалардын  өрткө каршы тосмо менен чатыр мейкиндиктерин тазалоо  214,8 миң сомго аткарылды.
  • Кызыл-Октябрь, Ак-Бекет мектептеринин өрткө каршы тосмо менен чатыр мейкиндиктерин тазалоо 299,6 миң сомго аткарылды.
  • Кызыл-Октябрь мектебинин жер төлөсүн капиталдык оңдоо иштери боюнча келишим 1506,6 миң сомго түзүлүп, 1259,2 миң сом каржыланды долбоор 80% аткарылды.
  • Кашкелең бала бакчасына кароолчуга будка куруу иштери 356,9 миң сомго жана сырткы даараткананын курулушуна 472,5 миң сом сарпталды жана өнөр жай кир кургаткан машинка, чаң соргуч, муздаткычтар – 333,0 миң сомго алынып берилди.
  • Социалдык объектилердин учурдагы оңдоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 455,7 миң сом каржыланды.

Калкка берилген жардамдар

  • «Калкка берилүүчү жеңилдиктер» бөлүгүнүн чыгымдары үчүн 3 млн. 976,6 миң сом сарпталган.
  • Карылар күнүнө, аз камсыз болгон адамдарга материалдык жардам жана таш көмүр алууга компенсация  төлөөгө 176 түтүнгө  5000 сомдон, Афган  согушуна, ЧАЭС  катышуучуларына, 7-апрель, 9-май майрамдарына акчалай каражаты берилди.
  • Ошондой эле, 7-8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү, жетим жана аз камсыз үй-бүлөнүн балдарын мектепке даярдыкка, баатыр энелерге материалдык жардам, Баткен согушуна катышкандар, Ош окуясында каза болгон адамдын үй-бүлөсү,  майыптарга материалдык жардам, 50 жыл бирге түтүн булаткан үй-бүлөлөргө материалдык жардамдар берилип турат. Мындан сырткары, «Нарктуу кыргыз кызы» сынагына, социалдык контракт алгандардын ярмаркасын уюштурууга, Коллективдик  келишимдин  негизинде  ардактуу эс алууга кеткен кызматкерге, Ак-Бекет айылындагы маданият үйүндө ачылган “Кыз-Жибек” бий ансамблинин  костюмдарына 100,0 миң сом, Кызыл-Октябрь айылындагы маданият үйүндө ачылган “Кыз-Жибек” бий  ансамблине костюмдарга материалдык жардам катары  резервдик фонддон 100,0 миң сом  берилген.
  • Социалдык паспорт толтурулган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны жыл башында 26 болсо, 7 үй-бүлө каттоодон чыгып, 2025-жылдын башына 19 жакыр үй-бүлө каттоодо турат.
  • Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2025- жылга бекитилген бюджети 117 млн. 743 миң 600 сом, анын ичинен атайын каражаттардын суммасы 3 млн. 960 миң сом.

2025-жылга карата аткарыла турган пландары

  • Ак-Бекет айылына тротуар куруу 6 574 300 сом;
  • Кашкелең айылына (1684 м) 10 184 400 сом сом;
  • Дорожный айылында Алиев көчөсү – (439 м) 3 045 000 сом;
  • Кызыл-Октябрь айылына – (1805 м)
    12 478 700 сом;
  • Жел-Арык айылына – (1438 м) 10 512 700 сом;
  • Жаңы-Алыш айылына – (1141 м) 10 087 100 сом;
  • Таза суу Дорожный айылына – 1 358 100 сом;
  • Ак-Бекет айылынын маданият үйүнө – 4 4470 300 сом;
  • Кызыл-Октябрь орто мектебинин тегерегин тосууга – 2 034  000 сом;
  • Жаңы-Алыш орто мектебинин тегерегин тосууга – 2 340 000 сом;
  • Саз-Булак айылынын башкы планын жасатууга – 600 000 сом;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы айылдарга 8 даана аялдама куруу –
    3 168 000 сом;
  • 70 га жерлерди трансформациялоо, багытын өзгөртүү, калктуу конушка которуу;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт жол жээктерин жарыктандыруу боюнча ПСДсын даярдоо жана иш алып баруу;
  • “Кызыл-Октябрь” МИ техникасынын токтоочу жайын (гараж) ПСДсын даярдоо;
  • Муниципалдык үй салууга ПСД даярдоо;
  • Кызыл-Октябрь айылындагы спорт комплексин куруу.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар