whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
37.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Жүрөк операциясына кезек калыс түзүлөт, ортомчулардан этият болуңуз"

«Жүрөк операциясына кезек калыс түзүлөт, ортомчулардан этият болуңуз»

9-июнда саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтуна барып, жүрөктүн тубаса кемтигине байланыштуу операция күтүп жаткан балдардын ата-энелери менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда ата-энелер операциянын кечигүүсү жана жүрөк хирургиясында орундардын жетишсиздиги тууралуу маселелерди көтөрүштү. Министр ар бир кайрылууга жооп берип, учурдагы абал жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанда 600гө жакын бала жүрөктүн тубаса кемтиги менен төрөлөт, бирок алардын 20–30уна гана операция жасалат. Учурда 100дөн ашык бала кезекте турат.

Министр операция кезеги бейтаптын абалына жараша түзүлөрүн баса белгилеп, кезектеги калыстык сакталарын билдирди. Ошондой эле ал чет өлкөгө бейтаптарды жөнөтүүнү сунуштаган ортомчулар боюнча ата-энелерди этият болууга чакырып, мамлекеттик мекемелерге биринчи кайрылууга кеңеш берди.

Министр белгилегендей, Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо институтунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат, жакынкы айларда ишмердүүлүк кеңейтилген шарттарда улантылат. Ошондой эле:

  • Жалал-Абадда өзүнчө кардиохирургиялык борбор куруу пландалууда;

  • Кардиология институтунда оңдоо иштери соңуна чыгып, чоңдорго да операция жасала баштайт;

  • «Медициналык шаар» долбоорунун алкагында 300–350 орундуу кардиология борбору курулат.

Жолугушуунун соңунда министр ата-энелерге ачык диалог үчүн ыраазычылык билдирип, жүрөк операцияларына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу боюнча иштер улантыларын белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар