whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКамсыздандыруу полиси жок айдоочуларга июлдан тарта айып пул салынат

Камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга июлдан тарта айып пул салынат

1-июлдан тарта Кыргызстанда автоунаа ээлери үчүн милдеттүү автограждандык жоопкерчилик камсыздандыруусу (ОСАГО) жок болсо, административдик жаза каралат. Камсыздандыруучулар ассоциациясынын маалыматына ылайык, полиси жок унаа айдагандарга 3000 сом айып салынышы мүмкүн.

Ассоциация билдиргендей, ОСАГО кырсыктан жапа чеккен тараптардын укугун жана чыгымын коргоого багытталган. Ал унаа кырсыгына себеп болгон айдоочунун финансылык жүгүн да жеңилдетет.

“ОСАГО — жөн гана формалдуулук эмес, кырсыкта сизди жана башкаларды коргогон курал. Каттоону акыркы мүнөткө калтырбаңыз”, — деп эскертти мекеме.

Полисти камсыздандыруу компанияларынын кеңселеринен, ошондой эле онлайн платформалар аркылуу да сатып алууга болот. Компаниялар кеңейтилген иш графиги менен тейлөөгө даяр. Кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн 1292 кыска номуру иштейт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар