Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыМакрон Израил менен Иранга Путиндин ортомчу болуусуна каршы чыкты

Макрон Израил менен Иранга Путиндин ортомчу болуусуна каршы чыкты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Путиндин Израил менен Иранга ортомчу болуу мүмкүнчүлүгүн четке какты. Ал мындай билдирүүнү Гренландияга жасаган иш сапары учурунда айтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги маалымдады.

Макрондун айтымында, Орусия учурда мындай ролду аткаруу үчүн жетиштүү ишенимге жана ыйгарым укуктарга ээ эмес. Ал өз сөзүндө Москва бир нече жылдан бери БУУнун Уставын одоно бузуп келе жатканын белгиледи.

«Учурда катуу жаңжалга аралашып жаткан жана бир нече жылдан бери БУУнун Уставын сактабаган Орусия ортомчу боло алат деп ишенбейм», — деди Франциянын президенти, АКШнын президенти Дональд Трамптын сунушуна жооп катары.

Макрон Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну жөнгө салууда калыс жана ишенимдүү ортомчу болуу үчүн бейтараптуулук жана эл аралык нормаларга баш ийүү маанилүү экенин билдирген.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар