Баткен облусундагы «Айгүл-Таш» ботаникалык коругуна барууга киргизилген тыюу 2030-жылга чейин узартылды. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Баткен токой чарбасынын директору Байсалбек Аширкулов билдирди.
Алгач Баткен райондук мамлекеттик администрациясы бул чектөөнү 2027-жылга чейин киргизген. Бирок облус аймагындагы президенттин өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы менен мораторий дагы үч жылга узартылды.
Байсалбек Аширкуловдун айтымында, 2023-жылдан бери колдонулуп жаткан тыюу өз натыйжасын бере баштады — Айгүл гүлүнүн саны кыйла көбөйдү.
Июнь айында, уруктары бышкан учурда, токой кызматкерлери аларды кайра эле ошол аймакка себишет. Адам фактору болбогондо, гүл табигый жол менен жакшыраак көбөйөрү белгиленет.
Ошондой эле директор «Айгүл-Таш» аймагында суу жана электр энергиясы жок экенин айтып, бул жасалма жол менен жашылдандыруу иштерин кыйла татаалдаштырарын кошумчалады.
Эске салсак, заказникти жабуунун негизги себеби — сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн саны азайып кеткендиги болгон. Көпчүлүк учурда келген адамдар уникалдуу гүлдөрдү үзүп же тебелеп кетишкен.
Мамлекеттик корукчанын жалпы аянты 253,9 гектарды түзөт. Бул өсүмдүк 1978-жылы СССРдин Кызыл китебине, ал эми 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

