Башкы беткеРубрикаларАймактарБаткенде ири курулуш объектилери ишке ашырылууда

Баткенде ири курулуш объектилери ишке ашырылууда

Баткен шаарында бир катар маанилүү инфраструктуралык объектилердин курулушу активдүү жүрүп жатат. Бул иштердин жүрүшү менен президенттин облустагы өкүлү Мамыржан Рахимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев жеринде таанышышты.

Алар алгач 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап стадиондун курулушун көрүп чыгышты. Бул объект аймакта спортту өнүктүрүп, жаштардын сергек жашоого болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Андан соң Чет-Булак кварталында курулуп жаткан муниципалдык базар каралды. Жаңы базар соода жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошот.

Мындан тышкары, Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырып жаткан “Асман-1” турак жай комплексинин курулушу да көңүл борборунда болду. Бул долбоор жарандарды жеткиликтүү жана заманбап батирлер менен камсыздоону максат кылат.

Расмий өкүл курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүтүрүү зарыл экенин белгилеп, бул объектилер Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу таасир берерин айтты.

Бул долбоорлор аймактын инфраструктурасын жакшыртып, жашоочулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар