Кыргызстан жашылча продукциясын тышкы рынокко чыгарууну күчөтүп жатат. Жакында кыргызстандык сабиздин алгачкы партиясы Россия Федерациясына жеткирилди.
Пермь крайынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл башкармалыгы Кыргызстандан барган 20,7 тонна сабизди текшерип, сатууга уруксат берген. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде Пермь крайына кыргызстандык мындай продукция жеткирилген эмес.
Текшерүү иштерин Россельхознадзор Пермь шаарындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий-изилдөө институту менен биргеликте жүргүзгөн. Жыйынтыгында продукция бардык талаптарга жооп берип, фитосанитардык документтеринин жарактуу экени жана карантиндик зыянкечтер жоктугу тастыкталды.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, 2025-жылы айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү тармагынын тышкы соода жүгүртүүсү 22 пайызга өсүп, 186,1 млрд сомду (2,13 млрд АКШ доллары) түзгөн.
Ошол эле жылы экспорттун көлөмү 33 млрд сомго (378,1 млн доллар) жетсе, анын ичинен өсүмдүк продукциясы 7 млрд сомду (80,7 млн доллар) түзгөн.
Жашылча экспортунда сабиз маанилүү орунду ээлейт. 2025-жылы анын жалпы экспорту 8 405 тоннаны түздү. Негизги экспорттук багыттар:
- Россия — 4 546 тонна
- Өзбекстан — 2 610 тонна
- Тажикстан — 849 тонна
- Монголия — 353 тонна
- Казакстан — 38 тонна
- Армения — 8 тонна
2026-жылдын башынан бери 1 013 тонна сабиз экспорттолгон. Анын 902 тоннасы Россияга, 111 тоннасы Казакстанга жөнөтүлгөн.
Кыргызстан жашылча-жемиштерди негизинен Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнө экспорттойт. Бардык продукциялар тиешелүү фитосанитардык жана коштоочу документтер менен камсыздалат.
Министрлик экспортко чыккан айыл чарба продукциясы үчүн документтерди туура жана так даярдоо зарылдыгын эскертет.


