Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал жана Ормуз кысыгындагы кырдаал болууда. 2026-жылдын башында мунайдын баасы орточо 60–70 доллардын тегерегинде болсо, Ирандагы жаңжал күчөгөндөн кийин кыска убакытта 120 долларга жетип кайтты. Акыркы маалыматтар боюнча, Brent маркасындагы мунайдын баасы 100–105 доллардын айланасында кармалып, айрым учурларда 110 долларга чаап барууда.
Мунай 150 долларга чыгат деген да кооптонуулар бар. Бул акыркы ондогон жылдардагы эң чоң өсүштөрдүн бири катары бааланууда.
Мунайдын маанилүүлүгү
Бүгүнкү күндө мунай дүйнөлүк энергетиканын негизги булактарынын бири болуп эсептелет. Андан кайра иштетүү аркылуу ар түрдүү маанилүү продукциялар өндүрүлөт. Эң негизгилери төмөнкүлөр:
Бензин жана дизель – транспорт тармагындагы негизги күйүүчү майлар;
Авиациялык керосин – учактар үчүн күйүүчү май;
Суюлтулган газ (LPG) – тиричилик жана өнөр жай үчүн;
Мазут – жылуулук электр станцияларында колдонулат;
Битум – жол курууда кеңири пайдаланылат;
Майлоочу майлар – техника жана өндүрүш үчүн;
Мунайдан алынуучу заттар – пластмасса, синтетикалык кездемелер, резина, боёк, дары-дармек жана косметика өндүрүүдө колдонулат.
Демек, мунай жөн гана күйүүчү май эмес, ал күнүмдүк жашоодо колдонулган миңдеген товарлардын чийки заты болуп саналат жана дүйнөлүк экономикада стратегиялык маанилүү деп эсептелинет.
Биринчиден, мунай көпчүлүк өл-көлөрдүн энергетикалык балансында негизги орунду ээлейт. Транспорт, өнөр жай, айыл чарба – дээрлик бардык тармактар мунай продуктыларынан көз каранды. Баарына кайсы бир өлчөмдө мунайдан чыгарылган заттын кошулмасы керек.
Экинчиден, мындай керектөөлөргө жана баалуулуктарга таянган мунай заты, аны өндүргөн мамлекеттер үчүн негизги киреше булагы болуп саналат. Экспорттон түшкөн каражат мамлекеттик бюджетти толуктап, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого шарт түзүп, бул тараптан дагы чоң орду бар.
Мунай бир эле өлкө үчүн эмес, дүйнөлүк деңгээлде алганда геосаясий мааниге ээ ресурс экени белгилүү. Анын баасы жана жеткирүү жолдору дүйнөлүк экономикага жана эл аралык мамилелерге түздөн-түз таасир этип, мунайга бай аймактар көп учурда глобалдык кызыкчылыктардын борборуна айланып келет.
Өндүрүлгөн көлөмү
2025-жылкы маалыматта, орто эсеп менен дүйнөдө күнүнө 100–102 млн. баррель мунай өндүрүлгөн. 1 баррель салыштырмалуу 0,136 тонна бааланса, бир жылда орто эсеп менен 5 млрд. тонна мунай өндүрүлөт.
Дүйнөдө мунай өндүргөн ири он өлкө:
Учурдагы кырдаалга байланыштуу Жакынкы Чыгыш аймагын мисалга алсак, аймак дүйнөлүк базарга мунайдын 30–35%ын берет: Сауд Арабиясы, Иран, Ирак, Кувейт жана БАЭ (Бириккен Араб Эмираттары) бул өлкөлөр мунайдын өндүрүмдүүлүгү жана кору боюнча да негизги өлкөлөрдүн катарын толуктаса, Иран ошол өндүрүлгөн мунайды башка өлкөлөргө траспорттоо боюнча дагы негизги милдетти аткарып келген.
Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын болжол менен 20%ы ташылат. Акыркы мезгилдеги согуштук кырдаалдан улам Иран бул аймактагы көзөмөлүн күчөтүп, айрым учурларда деңиз жолдорун чектегендиктен, дүйнөлүк жеткирүү чынжырлары үзгүлтүккө учурап, айрым эсептөөлөр боюнча, күнүнө базарга 10 млн. баррелге чейин мунай убактылуу аз кирип калууда.
Мындан тышкары, мунай жана газ объектилерине жасалган соккулар өн-дүрүштү азайтып, экспортко түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын көрүп жатабыз.
Күнкорлук
Иран мунайынын эң ири сатып алуучуларынын бири бул Кытай өлкөсү. Ар кандай эл аралык санкцияларга карабастан мунай алууну улантып келет. Маалыматтарда айтылгандай, мунайдын баасын башкаларга салыштырмалуу төмөн баада алышат.
Индия мурда Иран мунайын көп сатып алган болсо, акыркы жылдардагы санкциялардан улам сатып алуулары кыскарган. Бирок альтернативдүү каналдар аркылуу сатып алуулар бар экенин маалымдалат.
Япония Иран мунайын түз алуусун азайткан, бирок Ормуз аркылуу келген мунайга абдан көз каранды. Аларга баруучу товардын 90 пайызга жакыны Перс булуңу аркылуу өтөт.
Түштүк Корея мурда Иран мунайын активдүү колдонсо, акыркы жылдары импорт азайган, бирок регионго болгон көз карандылыгы жок дегенге болбойт. Европа өлкөлөрүнө токтоло турган болсок, аларга түзмө-түз таасири тийбегени менен, кыйыр таасирлери бир топ.
Германия, Франция, Италия жана Испания Ирандан түз мунай сатып алышпаганы менен Перс булуңундагы башка өлкөлөрдөн, тагыраагы Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынан мунай алышат. Ал мунай Ормуз кысыгы аркылуу өтөт жана азыркы мезгилде Иранга болгон көз карандуулугу мына ушунда. Дүйнөдө өндүрүлгөн нефтинин үчтөн бири Ормуз кысыгы аркылуу ары-бери ташылат.
Баа туруксуздугу
Азыркы шартта мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы өтө туруксуз. Баалар мүнөт сайын өзгөрүүдө. Бир нече күндүн ичинде мунайдын бир баррели 90 доллардан 120 долларга чейин секирүүдө.
Эксперттер муну геосая-сий белгисиздик, жеткирүү коркунучу жана инвесторлордун дүрбөлөңү менен түшүндүрүшөт. Эгер жаңжал узакка созулса, баалар дагы өсүп, 150 долларга чейин жетиши мүмкүн экени айтылууда. Мунайдын баасынын өсүшү болсо, түздөн түз дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет. Биринчиден, күйүүчү май кымбаттап, транспорт жана өндүрүш чыгымдары өссө, экинчиден, инфляция күчөйт. Ал менен кошо күнүмдүк тиричиликке, азык-түлүккө бологон наркта дагы жогорулашы толук ыктамал. Бул кесепет бир эле Европа өлкөлөрүнө эмес, дүйнөдөгү өлкөлөргө коркунуч жаратуу ыктымалдуулугу бар.
Биздин өлкөдө
Мамлекеттик органдардын маалыматтарына ылайык, Кыргызстан жылына болжол менен 1,6 миллион тонна мунай продуктуларын (бензин, дизель ж.б.) керектейт. Анын 93%ы Орусиядан импорттолот. Бул Кыргызстандагы энергетикалык көз карандылыктын негизги көрсөткүчү болуп саналат. Ага кошумча Казакстандан да мунай алынып келинет, 2025-жылдын декабрында Казакстандан болжол менен 30 миң тонна мунай алуусу каралган.
Ал эми чийки мунайды түз импорттоо боюнча так маалыматтар толук берилбесе да, Россия, Украина жана Түркиядан аз көлөмдө чийки мунай зат алып келээри айтылат.
Өлкөбүздөгү ички мунай иштетүү күчү өтө чектелүү болгондуктан, чийки мунай затын эмес даяр күйүүчү май катары сатып алынат. Кара-Балтада, Жалал-Абадда, Кеминде жана Баткенде чакан мунай иштетүүчү заводдор бар. Аларда бензин, солярка сыяктуу күйүүчү майлар аз көлөмдө өндүрүлүп, ал жалпы өлкөнүн керектөөсүнүн аз гана пайызын каржылайт.
Ирандагы саясый кырдаалдын Кыргызстан үчүн түздөн-түз таасири тийбесе да, анын дүйнөлүк энергетикалык рынокко тийгизген чоң таасиринен улам, мунай заттын наркы көтөрүлүшү мүмкүн. Бирок ага байланыштуу азырынча эл керектөөчү товарларга баанын жогорулоосу ыктымалдыгын эксперттер эскертет. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгы күтүлбөйт.
Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү майдын баасы жана жеткирүү көлөмү мамлекеттик органдардын туруктуу көзөмөлүнө алынган.
Гүлмайрам РАХМАНБЕРДИЕВА,
“Кыргыз Туусу”


