АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирсе, Тегеран бул маалыматты толугу менен четке какты.
Трамптын айтымында, АКШ өкүлдөрү дем алыш күндөрү Иран менен байланыш түзүп, айрым маанилүү маселелер боюнча макулдашууга жетишкен. Ал келишимде 15 пункт бар экенин айтып, Иран өзөктүк куралга ээ болбоого макул болгонун белгилеген.
Президенттин сөзүнө караганда, сүйлөшүүлөргө анын күйөө баласы Жаред Кушнер жана атайын өкүл Стив Уиткофф катышкан. Ошондой эле ал Ирандагы «негизги адам» менен байланыш болгонун, бирок бул өлкөнүн жогорку лидери Моджтаба Хаменеи эмес экенин кошумчалаган.
Трамп жакын арада бетме-бет жолугушуу өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирип, эгер сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болбосо, аскердик аракеттерди уланта турганын эскерткен.
Ал эми Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары Тышкы иштер министрлигине таянып, АКШ менен эч кандай сүйлөшүү жүргүзүлбөгөнүн маалымдашты. Расмий Тегеран Трамптын билдирүүлөрүн «саясий максаттагы жана рынокко таасир этүүчү аракет» катары баалады.
Иран парламентинин спикери Мохаммад-Багер Галибаф да бул маалыматтарды «жалган жаңылык» деп атап, мындай билдирүүлөр мунай жана каржы рынокторуна таасир этүү үчүн колдонулуп жатканын айтты.
Ошол эле учурда Axios басылмасы Израилдин расмий өкүлүнө таянып, АКШ өкүлдөрү Иран тарап менен байланышта болгонун жазды. Маалыматка ылайык, ортомчу өлкөлөр жакынкы күндөрү Пакистан аймагында жолугушуу уюштурууну карап жатышат.

