Адылбек Касымалиев Таластагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Бүгүн Талас облусунда иш сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алгач МинКаб башчысы Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. 6,5 гектар аянтты ээлеген бул объект Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду жана Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда.

Андан соң ал Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Оорукананын бөлүмдөрү үч жерде жайгашкандыктан, дарыгерлер үчүн консультация жүргүзүү, дары-дармек жана тамак-аш жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы белгиленди. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн бир жерде жайгашкан заманбап 300 орундуу оорукана куруу зарылдыгы айтылды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле ал “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борбордун курулушу менен таанышты. Долбоордун жалпы баасы 6 млн евро болуп, Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы Талас шаарынын борбордук стадионунун курулушун да көрүп чыкты. Аталган объект быйыл эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилери белгиленди.

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Акылман Президенттик лицейинин имаратынын, Талас шаарынын борбордук мечитинин, борбордук паркынын курулуштары менен таанышып, К. Нуржанов атындагы аллеяны да көрүп чыкты. Ошондой эле Талас мамлекеттик университетинин жаңы имаратынын курулушу менен таанышты.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы бардык объектилер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз