Башкы беткеСоциалдыкКыргызстанда суу запастары жыл сайын азайууда

Кыргызстанда суу запастары жыл сайын азайууда

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен суу запастарынын азайып жаткандыгы жана алардын рационалдуу пайдаланылышы боюнча чаралар көрүлүп жатканы маалымдалды.

Министрликтин Өсүмдүктөрдү өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов белгилегендей, суу запастарынын кыскарышы — дүйнөлүк тенденция: «Ар бир жылы биздин суу запастарыбыз азайып жатат, бул глобалдык көрүнүш», — деди ал.

Суу керектөөнү пландоо: 2025-жылы 5,767 млрд куб метр суу колдонулса, 2026-жылкы вегетациялык мезгилге 6,303 млрд куб метр суу бөлүнөт.

Сууну рационалдуу бөлүштүрүү үчүн облустук жана райондор боюнча штабдар түзүлдү. Алар өсүмдүктөрдү сугаруу үчүн алынган сууну тең жана эффективдүү пайдаланууга жооптуу болот. Мурдагы жылы суу дефицити Чүй, Талас облустарында жана өлкөнүн түштүк аймактарында байкалган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар