«Айчүрөк» дүкөнүнүн жанындагы жашыл аймак өз калыбына келет

0
1893

Бүгүн Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» ЦУМ имаратынын жанында жайгашкан конструкцияны демонтаждоо иштери башталды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев буга чейин компанияга объектти өз ыктыяры менен алып салуу үчүн убакыт берилгенин, бирок тиешелүү чара көрүлбөгөнүн билдирди. Анын айтымында, эгерде бир күндүн ичинде демонтаждалган конструкциялар чыгарылып кетпесе, алар Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын айып короосуна жөнөтүлөт.

Ошондой эле калаа башчысы Бишкек шаардык башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына фонтандык конструкциянын жаңыланган долбоорун ыкчам даярдоону тапшырды. Объектти модернизациялап, кыска мөөнөттө калыбына келтирүү максаты коюлду.

Демонтаж иштерин «Тазалык» муниципалдык ишканасы Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүүдө. Шаардык кызматтарга иштер учурунда коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлдү.

Эске салсак, 19-февралда мэр курулуш иштери боюнча эскертүү берип, белгиленген мөөнөттө чара көрүлбөсө, шаардык кызматтар тартыларын билдирген.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз