whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекМарат ИМАНКУЛОВ:“Бизде улуттук дем бар, аны ата-бабаларыбыз миң жылдап калыптандырып, бизге өткөрүп...

Марат ИМАНКУЛОВ:“Бизде улуттук дем бар, аны ата-бабаларыбыз миң жылдап калыптандырып, бизге өткөрүп берген”

Марат Иманкулов Мамлекеттик катчы кызматына дайындалганына аз гана убакыт болду. Учурда эмне иштерди аткарып жатканы, келечектеги пландары, “Уңгужол” жарлыгын ишке ашыруу тууралуу маек курдук.

– Марат агай, иш ыргагын кантип баштап жатасыз. Мамлекеттик катчынын милдеттери, ыйгарым укуктары так аныкталганбы?

– Мен мамлекеттик кызматта бүгүн эле иштеп жаткан адам эмесмин. Буга чейин 4 жыл Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп жүрдүм, негизи коопсуздук кызматында көп жыл иштедим, мамлекетте болуп жаткан бардык окуялардан кабарым бар. Мамлекеттик катчы жөнүндө жобо бар экен, Мамлекеттик катчынын милдеттери, функциялары баары жазылган. Негизги функциялары болуп, билим берүү, маданият, саламаттык сактоо тармагында, идеологияны жайылтууну координациялоо болуп саналат. Андан сырткары президент тарабынан ушул тармакта кабыл алынган чечимдерин координациялоо.

– Демек, колуңузда жетиштүү бийлик бар турбайбы?

– Кээ бир адамдар бийлик жетишпейт, мыйзам жетишпейт деп айтат. Бирок, ушул эле иштеп жаткан мыйзамдар менен көп иштерди аткарса болот. Эл мамлекеттик катчыны негизги идеолог катары кабыл алат экен да, телефон чалгандардын баары эле улуттук идеологияны жүргүзүүдө менин сунушум бар деп жатышат. Мамлекеттик идео-логия жөнүндө сөз болгондо “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” жөнүндө жарлыгы кабыл алынган. Анда негизги 7 багыт бар экен, ошол боюнча иш алып барыш керек. Жарлык ойлонулуп мыкты жазылган, муну элдин бардык катмарына жеткирүү жана сиңирүү керек. Ушунун негизинде улутту ынтымакка, биримдикке чакырып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын бирге кармап, элибизди дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин катарына киргизишибиз зарыл.  Бизде улуттук дем бар, аны ата-бабаларыбыз миң жылдап калыптандырып, бизге өткөрүп берген. Ал биздин каныбыз менен кошо келип жатат.

Экинчиси, бизде улуу маданиятыбыз, абдан бай эне тилибиз бар. Миң жылдардан бери калыптанып келген каада-салтыбыз бар. Азыркы реалдуу жашоо менен мына ушуларды айкалыштырып, өнүгүүгө кадам ташташыбыз абзел.

Биздин эл илгертен билимге умтулган, көп нерсени кечире билген айкөл, алдыны көрө алган даанышман эл. Андыктан элге мамлекет жүргүзүп жаткан саясатын ачык айтышыбыз кажет, көйгөй болсо аны да жаап-жашырбай ачык айткан оң. “Урматтуу элим, ушундай көйгөй болуп жатат, аны чечүүгө сиздерден мындай көмөк керек”, – деп ачык эле айталы. Эл аны туура түшүнөт.

Мына 2020-жылы пандемияда биздин медицинанын эч нерсеге алы келбей калганда, эл айттырбай эле өзү чуркап келип жардам берип жүрдү го. Ошентип отуруп эл бири-бирин сактап калбадыбы? Жалгыз медицинага коюп койсок, ушунча адамдын жанын сактап кала албайт эле да. Кыйынчылыкка келгенде бири-бирине жардам берген кыргыздай эл чанда.

– Дүйнөдөгү саясий кырдаал туруксуз болуп турган учурда биз эмне кылышыбыз керек?

– Биз суверендүү мамлекет болгондон кийин мамлекеттин бүт атрибуттары болушу керек. Мамлекет элди  коргой ала тургандай бүт шарттарды түзүшү керек. Эгерде коопсуздукту камсыздай албасак, стабилдүүлүктү орното албасак, өнүгүү жолунда келаткан жакшы көрсөткүчтөрдү жокко чыгарып алышыбыз ыктымал.

Мына азыр ЕАЭБ мамлекеттеринин ичинен биз өнүгүү жолунда биринчи орунда турат экенбиз. ИДПнын өсүшү 11,6 пайыз болуптур. Бизде көптөгөн ишканалар ачылды, энергетика тармагында чакан ГЭСтер ачылып жатат, маданиятыбызда дагы өзгөрүүлөр болууда. Театрлар, цирк, филармониялар оңдолууда. Жакында эле “Раймаалы менен Бегимай” мюзиклына барып көрдүм, сахнанын жасалгасын, актерлордун кийимин көрүп абдан суктандым.

– Биз кеп кылып жаткан “Уңгужолдун” бир бөлүгү дал ушул маданиятта жатат да туурабы?

– “Уңгужолдо” таалим тарбия, билим, илим жана маданият деп бекер көрсөтүлгөн эмес да. Билим, маданият өнүкпөгөн жерде экономика дагы болбошу мүмкүн. Анткени, маданият менен билим баарын сүйрөй турган фактор. “Улуттук дем  – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” деп бекеринен аталбаган да.  Биз ата-бабаларыбыздан бери келаткан улуттук демди, азыркы муунга жайылтып, өлкөбүздү өнүккөн мамлекеттердин катарына кошушубуз керек.

Биздин башка мамлекеттерден эмнебиз кем? Адамзаттын цивилизациялык жолунда кээ бир мамлекеттер биз басып өткөн жолду баса элек. Алар болгону тарыхый бир кыр-даалда материалдык, экономикалык жактан тез өнүгүп кеткен. Бирок, руханий жагынан биз баскан баскычты алар көрө элек. Биз кыргыздын эле маданиятына басым жасабай, көп улуттуу эл болгондон кийин алардын дагы маданиятын сыйлап, алардын маданиятынын өсүп-өнүгүүсүнө жардам беришибиз керек. Биз мамлекеттик тилибизди сактоо менен бирге, Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттардын тилинин өнүгүшүнө да салым кошууга тийишпиз.

Мына мамлекеттик тилди билбегендер кызматка алынбайт деп жатабыз. Бардык улуттар балдарына жаштайынан кыргыз тилин үйрөтүшү абзел. Менин сунушум кыргыз тилинде билим берген бала бакчалардын, мектептердин билим сапатын 2-3 эсе жогорулаталы. Жол ушул жакта жатпайбы.

– Билим берүү министрлиги бала бакчаларда, мектептерде кыргыздын чыгаан жазуучулары, улут баалуулуктары жөнүндө сабактарды көбүрөөк өтүп турса, балдардын кыргыз маданиятына болгон кызыгуусу артат болчу. Мамлекеттик катчы катары ушул жагын көзөмөлгө алып койсоңуз?

– Туура, маданиятты өнүктүрүшүбүз абзел. Бирок, Билим берүү министрлиги бул жаатта такыр иш кылбайт дегенге кошула албайм. Менин неберем орус класста окуйт, бир күнү, “сабактан 7 атаны жаздырып жатат, мен үчөөнү эле билип, калганын эстей албай жатам”,  – деп чалыптыр. Мен 16 атама чейин билгендиктен баарын айтып бердим. Муну эмнеге айтып жатам, айрым орус мектептерде деле кыргыздын маданиятын балдарга сиңирүүгө аракет кылган мугалимдер бар.

Биз балдарга кызыгууну жарата алсак, алар өздөрү эле китептерди окуп, видеолорду көрө башташат. Адамдын өзүндө кызыгуу болбосо, канчалык кыйнасаң да андан эч нерсе чыкпайт.

– Биз адамдарды мамлекетти сүйүүгө, идеологияны жайылтууга, тил үйрөнүүгө кызыктыра албай жатат окшойбуз?

– Туура айтасыз, биз мамлекетти сүйүүгө, аны көздүн карегиндей сактоого, өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулууга кызыкдар болушубуз кажет. Мына азыр мага айлык маянанын деле кереги жок, мен үчүн өнүккөн мамлекетти куруу биринчи орунда турат.  Анткени бул өлкөдө менин балдарым, неберелерим жашайт.

Кудай берген кереметтүү жерибиз бар, суу десең суусу, тоо десең тоосу кенен жерди байырлаган элбиз. Санжырага карасак, 7000 жылдык тарыхыбыз бар. Анын ичинде документ менен тастыкталганы 3000 жыл. Биз муну менен сыймыктанышыбыз керек.

Мына биздин сонун маданиятыбыз бар деп сөз кылып жатканым бекер эмес. Мен Жусуп Мамайдын, Саякбайдын, Сагынбайдын вариантындагы “Манас” китептерин толугу менен окуп чыккам. Кыргыз тилиндей бай тил жок деп айтып жатканым да ошондон. Семетейдин Таласка келиши жөнүндө бөлүгүн окуп алып көзүмө жаш келди. 2 барактын ичинде эмне деген гана таасирдүү сөздөр айтылган.

– Бүгүнкү күндө дүйнөнүн жүздөй өлкөсүндө  улуттук баалуулуктарын сактап калуу үчүн президенттер тарабынан атайын жарлыктар чыгарылыптыр. Биздин президент дагы «Кыргыз жараны»,  «Уңгужол» жарлыктарына кол койгон. Ар бир улут өзүнүн баалуулугун сактап калууну каалайт. Биз «Кыргыз жараны» концепциясын жалпы элге жеткире алдыкпы?

– Мен жаңыдан кызматка келгендигиме байланыштуу азырынча ага жете элекмин. Бирок, кыргызстандын жараны динине, улутуна карабай мекенди сүйүшү керек. Биз мекенди бирдей сүйүп, бирдей коргоп, улуу жолго бирге чыгарышыбыз керек. Кыргызстанда салттуу ислам динин жайылтуу жаатында дагы иштерди жүргүзбөсөк, экстремисттик, террористтик топтор кулачын жайып кетиши
ыктымал.

– Башка диний агымдарга айрым жарандарыбыз азгырылып жатканы чындык. Динге ашкере фанат болуу менен улуттук баалуулуктарыбызды унутуп калып жаткан жокпузбу?

– Кыргызстанда экстремисттик уюмдардын бар экени чын. Алар элди өзүнүн катарына тартып жатканы дагы факт. Бирок, укук коргоо органдары алар менен тынымсыз күрөшүүдө. Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганымда ИИМ, УКМК кызматкерлеринен бул багытта маалыматтарды алып, аларды анализдеп турат элек. Диний кырдаалды анализ кылганда экстремисттик багыттагы агымдар бар болчу. Ал жакшылыкка алып келбейт, алар улуттар аралык, диндер аралык кагылышууну уюштурууну көздөшөт. Биз муну элге, өзгөчө жаш балдарга түшүндүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Атайын китеп чыгарып, диний түшүнүктөрдү, канча адам экстремисттик-террористтик уюмдун мүчөсү катары каттоодо турарын, канча адам камалганын жаздык.  Элге маалымат жеткирүү үчүн жер-жерлерде жумушчу топторду түздүк. Алар жергиликтүү имамдар, мугалимдер, укук коргоо органдары менен биргеликте элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Мен дагы өзүмдүн айылыма барып мектеп окуучуларына насаат айтып келдим. Биздин түшүндүрүү иштерибизден кийин ошондой топторго кошулуп калгандардын кайра баш тарткандары да болду.

– Кыргыз маданиятын каада-салтын, салттуу динин жайылтуу – келечек муун үчүн абдан керек экени талашсыз…

– Ооба, мына жакында эле “Уңгужолду” 2 жыл изилдеп, жазып чыккан авторлор менен жолугуштум.  Аларга “Доктринаны кабыл алдык, бирок, анын аткарылышы кандай болуп жатат. Мен Мамлекеттик катчы катары иштин координациясын карайт экенмин”, –  дедим. Жыйынтыгында таанымал адамдардан турган топ түзүү чечимин кабыл алдык. Алар жер-жерлерде элге, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерине семинарларды өтүшөт.

– Союз мезгилинде облус, район жетекчилеринин орун басарлары идеология боюнча иш алып барат эле. Азыр деле ошол системаны кайра киргизсек кандай болот?

– Негизи сунушуңуз туура, бирок, биз мындан дагы жогору кылалы деп турабыз. Орун басарлар эмес, облус, райондордун жетекчилери, айыл башчылары түздөн-түз иштей турган кылабыз. Учурда аймактардагы жетекчилерге каттар даярдалып жатат. “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу мага буйруган экен, мен ал үчүн кубанычтамын. Мен баарын кыйратам дегенден алысмын, мамлекетибизде мыкты адамдар көп. Ошолор менен биргеликте, бул доктринаны ишке ашырабыз деп ишенем.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Маектин видеоверсиясы:

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар