whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеАктуалдуу маекУлан НИЯЗБЕКОВ: “Санарип тутуму –  кыргыз милициясынын ажырагыс бөлүгү болуп калды”

Улан НИЯЗБЕКОВ: “Санарип тутуму –  кыргыз милициясынын ажырагыс бөлүгү болуп калды”

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков – санариптештирүү, киберкоопсуздук, экстремисттик топтор, диний радикализм менен күрөшүү, жол коопсуздугу, мыйзамсыз миграция, милиция кызматкерлерине коомчулуктун ишеними, кылмыштуулуктун статистикалык абалы тууралуу гезитибизге кеңири маек берди.

–  Мезгил талабына ылайык, Ички иштер министрлигин санариптештирүү багытында кандай аракеттер болууда?

– Коомдогу коопсуз жашоонун жалпы өзөгүн санарип тармагы түзүүдө. Ага жараша, ааламда болуп жаткан электрондук мейкиндиктеги өзгөрүүлөрдүн ыргагынан чыкпай, жаңы форматтарга кадам таштап, кылмыштуулукка туруштук берүү үчүн заманбап ыкмаларды пайдаланып турушубуз зарыл. Санарип ишмердиги менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү методун чыңдап, коом арасында ар түрдүү негатив жараткан фактыларга бөгөт коюу сапатын жогорулатуу, укук бузуулардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу, жаш өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга бөгөт коюу, өздүк курамдын иштөө сапатын бекемдөө, дасыккан заманбап тажрыйбаларды колдонуу менен коопсуз өлкөнү куруу багытында тынымсыз аракеттерди көрүү биздин негизги максаттарыбыздын бири экендигин баса белгилейм. Статистика боюнча 50 000ден ашык камералар реестрге киргизилди.

2025-жылдын 5 ай ичинде 741 сырткы видеобайкоо камерасы орнотулган, алардын ичинен коомдук жайларда – 675 жана имараттарда, нөөмөт бөлүктөрүндө жана ИИОнун убактылуу кармоочу жайларында – 66.

Бардыгы болуп 2025-жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасынын ИИМдин видеобайкоо тутумуна – 2107 сырткы видеобайкоо камерасы кошулган, алардын ичинен:

– коомдук жайларда, көчөлөрдө – 1618;

– ИИБ имараттарында, нөөмөт бөлүк­төрүндө, убактылуу кармоочу жайларында – 489.

Ошону менен бирге Министрлик менен Муниципалитеттин ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына бетти таануу функциясы бар видеобайкоо камераларына 40 млн.сом бөлүндү. Бөлүнгөн суммага сервердик жабдуулар жана башка аппараттык түзүлүштөр, анын ичинде сатып алынган камералар жана компьютердик жабдуулар эсебинен видео байкоо системаларын куруу үчүн лицензиялык программалык ачкычтар сатып алынды.

Жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 240 видеобайкоо камерасы орнотулуп, алар ИИМдин тутумуна кошулган.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын мектептеринде сырткы видеобайкоо камераларын орнотуу жана кошуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы аяктагандыгын белгилей кетүү керек. Бүгүнкү күндө 218 камера кошулду жана иштеп жатат, алар Бишкек шаары боюнча 103 мектептин аймагында орнотулган (мектептин сырткы периметри боюнча экиден камера).

Ошондой эле, Талас жана Ысык-Көл облустарында видеокөзөмөл системасына орнотулуп кошулду. ИИМдин тутумуна туташтырылган бардык сырткы видеобайкоо камералары республика боюнча мектептерди Ыкчам Башкаруу борборунун туруктуу байкоосунда турат, ал күнү-түнү мектеп аймактарындагы кырдаалга мониторинг жүргүзөт. Башкача айтканда, санарип тутуму – кыргыз милициясынын ажырагыс бөлүгү болуп калды.

– Киберкоопсуздук маселеси күн тартибине чыкты. Буга туруштук берүү максатында кызматкерлерди окутуу, алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу багытында эмне иштер аткарылууда?

– Дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдүн натыйжасында, кылмыштардын жаңы түрлөрү пайда болуп, адамдарга өзүнүн залакасын тийгизип жатканын көрүп жатасыздар. Албетте, кыргыз милициясы да ар түрдүү жаңы чакырыктарга дайыма даяр болуп, элибиздин коопсуздугун камсыздаш керек.

Кибер кылмыштуулук менен күрөшүүдө Ички иштер министрлиги алдыңкы ыкмаларды колдонуп, заманбап чакырыктарга татыктуу жооп берүүдө. Заманбап технологиялар өнүккөн мезгилде жашап жаткандыктан, Интернет тармагын колдонуу менен жасалган кылмыштуулуктун жаңы формалары да пайда болду. Алар интернет аркылуу жасалган кылмыштар, телефондук алдамчылык, банк карталарынан акчаларды которуп алуу. Бул багыттагы кылмыштуулук менен толук кандуу күрөшүү максатында, министрлик тарабынан материалдык-техникалык жабдуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү.

Алсак, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын курамында жогорку технологияларды колдонуу менен кылмыштардын бетин ачуу бөлүмү түзүлүп, атайын заманбап техникалар менен жабдылып, издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жүргөн жерлерин аныктоого жана алардын байланыш схемаларын тактап бере алган базалар түзүлүп, кылмыш жасалган жерден уурдалган буюмдарды өзүнө камтыган базасы жана “Коопсуз шаар” тутумуна туташтырылган атайын базалар иштеп жатат. Бүгүнкү күндө аталган бөлүм тарабынан интернет менен байланышкан бир нече алдамчылык фактылары аныкталды.

Андан сырткары, кызматкерлер үчүн киберкоопсуздук боюнча атайын тренингдер жана семинарлар республика аймагында жайгашкан ички иштер органдарынын кызматкерлерине жүргүзүлүүдө. Кибер коркунучтардын алдын алуу жана алдын ала билип алуу үчүн мониторинг жана аудит жүргүзүлүүдө. Киберкоопсуздук боюнча ишенимдүү жана актуалдуу маалыматтар жергиликтүү жарандарга ИИМдин расмий сайты, социалдык тармактардагы баракчалары, интернет булактары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана атайын Инстаграмда катталган Cybertor.kg баракчасы аркылуу жайылтылып жатат.

– Экстремизм оор кылмыш, ал эми диний экстремизм кулачын жая баштаган коркунучтуу тенденция. Экстремисттик топтор жарандарды өз катарына тартуунун, идеологиясын жайылтуунун түркүн заманбап ыкмаларын колдонуп жатышат. Диний радикализмдин, экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөш да улам жаңы методдорду, технологияларды талап кылууда. Бул багытта кандай иштер жүрүүдө?

– Акыркы жылдары Кыргызстанда эле эмес бүткүл дүйнө жүзү боюнча диндин радикалдашуу тенденциясы жүрүп жатканы байкалууда. Бул тенденция конфессиялар арасындагы араздашууга, чыр-чатактардын ортого чыгышына жана радикал диний агымдардын таасиринин жайылышына себеп болгон экстремисттик жана террористтик кыймылдардын ишмердигине байланыштуу болууда.

Бул топтор тынчтыкка, коомдук коопсуздукка, туруктуу өнүгүүгө, адам укуктарына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө олуттуу коркунуч туудурууда. Акыркы мезгилде экстремисттик жана террористтик топтор жаштарды өз катарына тартуу үчүн заманбап технологияларды, социалдык тармактарды жана маалыматтык манипуляцияны кеңири колдонушууда. Мындай аракеттер Кыргызстан сыяктуу көп улуттуу жана көп конфессиялуу мамлекеттер үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратууда.

Ошондой эле экстремисттик жана террористтик уюмдар жашыруун үгүт жүргүзүү аркылуу өз идеологияларын коомго жайылтууга аракет кылышууда. Алар ар кандай жаштардын, социалдык жактан жапа чеккен адамдардын жана көйгөйлөргө туш болгон жарандардын психологиялык абалын пайдалануу менен өз жактоочуларын табышууда.

Жогорудагы белгиленген коркунучтарды эске алуу менен Ички иштер министрлиги тарабынан экстремизмдин алдын алуу багытында максаттуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

2025-жылдын ушул маалына чейин ички иштер органдары тарабынан экстремизм багытында 134 кылмыш иши козголуп, соттук кароого 93ү жиберилген, көрсөтүлгөн фактылар боюнча 1257 нуска материалдар алынды.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу 5 кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт
коюлду.

Экстремизм багытында жүргүзүлгөн алдын алуу түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 28 киши диний-экстремисттик уюмдардын катарынан чыгышкандыгын расмий жарыялашты.

Интернет тармагында экстремисттик, террористтик мүнөздөгү жана расалык, улуттар, диний же аймактар аралык кас-тыкты козутуучу 101 материал аныкталып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына 61 материал жөнөтүлдү. Соттун чечиминин негизинде 5 сайтка бөгөт коюлду.

Социалдык медиадан экстремисттик, террористтик жана улут аралык кастыкты козутууну пропагандалаган 28 фото-видео материалдар өчүрүлдү, ошондой эле экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу үчүн социалдык түйүндөрдү колдонуучуларга 101 видеоматериал жүктөлдү.

– Мыйзамсыз миграция маселесине токтоло кетсеңиз?

– Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын аймагына эмгек миграциясы тартибинде келген чет өлкөлүк жарандардын саны өсүп, миграциялык процесс активдешти. Бул өз кезегинде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалга оң таасирин тийгизип келет.

Бүгүнкү күндө, өлкөнүн аймагында өзгөчө Түштүк Азиядан (Бангладеш жана Пакистан) келген жарандар ар түрдүү чөйрөдө атайын билимди, квалификацияны талап кылбаган жумушчу орундарында эмгектенип келишет.

Эмгек мигранттары тарабынан укук бузган учур катары төмөнкү кырдаалдар эсептелинет: миграция чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган процедураларды сактабагандыгы б.а. визаларын жана барган жери боюнча каттоо мөөнөттөрүн узартпагандыгы жана расмий жумуш берүүчү адамдарды таштап башка жеке жана юридикалык компанияларга жумушка орношуулар болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Ички иштер министрлиги төмөнкүлөрдү эскертет: чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн  тартуу жана колдонуу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренесинде (Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтөрүн  тартуу жана колдонуу эрежелеринин бузулушу) каралып, физикалык жактарга 200 эсептик көрсөткүчтө, ал эми юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүчтө айып пул салынат.

2025-жылдын 1-январынан баштап чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча уруксат кагаздарын түзүү тартиби тууралуу убактылуу Жобого ылайык, уруксат берүү «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча Evisa.e-gov.kg порталы аркылуу Кыргыз Рес-
публикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин аянтчасында жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-майындагы №164 «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу чаралары жөнүндө» жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2025-жылдын 10-июнуна чейин өздөрүнүн укуктук абалын легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү берилген.

Аталган жарлыкта чет элдик жарандын же жарандыгы жок адамдын визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүргөн укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон же болбосо мыйзамдуу жүргөн мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта жүргөн, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик өтүүнүн эрежелерин сактабаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адамдар  убактылуу Жободо аныкталган тартипте ыктыярдуу мыйзамдаштырылган учурда ал Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен бошотулат.

Мисалы, Кыргызстанга окуу визасы же туристтик виза менен келип, бирок иштеп жүрсө да, эч чочулабастан аны иш визасы кылып өзгөртүп алса болот эле. Ал үчүн эч кандай жаза же айып пул дагы төлөмөк эмес. Биздеги маалымат боюнча окууга деп келип, же турист катары келип ар кыл кызмат көрсөтүү иштерине (курьер, тикмечи, бычмачы, курулушчу ж.б.) орношуп алган чет элдик жарандар бар. Же болбосо эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Дал ошолорго документтерин тууралап алуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Ал үчүн министрликтин бөлүмдөрүнүн бирине кайрылып өлкөбүздүн аймагында кылмыш кылбаганы тууралуу маалымкат алуусу жетиштүү болмок. Ошол маалымкат менен Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылып, визаларын тууралап алышмак.

Ал эми жалпы чет өлкөлүк жарандар жүрүү режимине ылайык тийиштүү документ тариздөөсү зарыл (каттоо, виза ж.б.).  Ушул жерден чет элдик жарандарды иштетип жүргөн ишкерлерибизге да кайрылат элем. Тикмечилик, курулуш, товар жеткирүү же башка кайсыл жумушка алсаңыздар да алардын документтерине көңүл буруп койсоңуздар. Он киши, же жүз киши иштетесиңерби айырмасы жок. Мурдагыдай бир мекемеде жумушчулардын жыйырма пайызы гана чет элдик болушу керек деген талап жок. Азыр жумушчуларыңар толук чет өлкө жарандары болсо да чектөө жок.

Башкысы чет элдик жумушчулардын Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушу керек. Жогоруда айтылгандай визасы окуу үчүн же туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө, же эмгек визасынын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, анда тез арада документтерин туураласын. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпоо керек. Эскерте кетсем, 10-июндан кийин рейддер жүрүп баштады. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер депортация болот. Башкача айтканда өлкөдөн чыгарылат. Бул боюнча, мен чет өлкөлүктөргө жана иш берүүчүлөргө мамлекеттик, расмий жана англис тилинде кайрылуу жасап, ал ИИМдин расмий сайтында, социалдык тармактардагы баракчаларына жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылды.

– Жол эрежесин бузган айдоочуларга жазаны күчөтүү боюнча Прези-денттин тапшырмасын аткарууга кандай даярдыктар жүрүүдө?

– Кыргыз Республикасынын Президентинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарын азайтуу боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында, КРдин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы бир катар ыкчам жана системалуу иш-аракеттерди көрүүдө.

Азыркы учурда КРдин ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы тиешелүү мамлекеттик органдар жана коомчулук менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоону күчөтүүгө багытталган комплекстүү иштерди жүргүзүп, ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топ ченемдик укуктук актылардын үстүндө иш алып барууда.

Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Мыйзам долбоору иштелип чыгып, (айдоочунун белгиленген ылдамдыкты ашырган, техникалык оң эмес унаа каражатын башкарган, мамлекеттик белгиси жок унаа каражатын башкарган, жол белгилеринин, жол чийиндеринин талаптарын бузган, жол чырактын тыюу салуучу белгисине баш ийбеген, карама-каршы тилкеге чыккан, автоээнбаштык, жол унаа кырсыгын жасоо, кооптуу жүктөрдү ташуу эрежесин бузуу, жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузган айдоочулар) 2025-жылдын 19-майында коом-дук талкууга коюлду. Коомдук талкуунун жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга макулдашууга жөнөтүлөт. Бул өзгөртүүлөр айдоочуларды тартипке чакыруу жана жол кырсыктарын азайтууга багытталган. Ошону менен бирге айдоочуларга жана жарандарга түшүндүрүү, маалыматтык агартуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Жол кыймылынын эрежелерин сактоонун мааниси тууралуу маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда кеңири жайылтылып жатат. Жыйынтыктап айтканда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Президенттин тапшырмасына ылайык, жарандардын жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган комплекстүү чараларды көрүп жатат. Биздин максат – жол кыймылынын эрежелерин сактоо маданиятын калыптандыруу, жол кырсыктарынын санын кыскартуу болуп саналат.

– Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында коррупциялык көрүнүштөр жок деп айта алабызбы?

– Күрөш жүрүп жатат. Коррупцияга каршы менин көз карашым эч качан өзгөрбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчиликке сөзсүз түрдө тартылат. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу милиция кызматкерлеринин кармалышынын санынын өскөндүгүнүн себеби, коррупцияга аралашкан кызматкерлерди өзүбүз аныктап, тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирет.

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы, прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте тиешелүү чараларды жүргүзүп келүүдө. Кызматкерлердин ар түрдүү кылмыштарга жана коррупциялык көрүнүштөргө аралашуусунун алдын алып, өз учурунда чара көрүлүп жатат.

Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгы Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ушул жылдын башынан баштап ички иштер органдарынын өздүк курамына 21 жолу жолугушуу өткөрүп, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык мамлекеттик органдарда көйгөй болуп жаткан коррупция маселесине да биз олуттуу көңүл буруп, катарыбыздан тартипти жана мыйзамды бузуп, ички иштер органдарынын кадыр-баркына шек жараткан, милициянын беделине доо кетирген кызматкерлерди тазалап жатабыз.

Эч кимди жаап-жашыруу болбойт. Мыйзам бардыгына бирдей иштеши керек. Ички иштер органдарынын кызматкерлери элдин кызматында жүргөндүктөн, бир дагы мыйзам бузууга жол бербөөгө милдеттүү. Мыйзам менен тартиптин үстөмдүгү болмоюнча, ишмердикти толук кандуу аткарууга мүмкүн эмес. Бул  менин катуу
талабым.

– Милициянын коомдогу кадыр-баркын, элдин ишенимин көтөрүү боюнча кандай иштерди жасай алдыңыздар?

– Биздин ишмердүүлүгүбүзгө эң жогорку баа – жарандардын ички иштер органдарына болгон ишеними. Ошондуктан биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин арттыргыдай кылып иштешибиз керек.

Эзелтеден бери биздин элибиз ар бир нерсеге калыс баасын берүүгө, ак менен караны айырмалап билүүгө жөндөмү бар жана өзгөчө асыл сапаттарга ээ экендигин жакшы билесиздер.

Азыркы заманда санарип тармагы ар бир үйдө колдонулуп жаткан мезгилде кандай гана маалыматтар болбосун өтө тездик менен эл арасына тарап, жарандарыбыз үйдөн чыкпастан өз баасын бере турган учурда жашап жатабыз. Ошондуктан кайсы гана тармак болбосун элибиз туураны туура, жалганды жалган деп так айта алат.

Ички иштер министрлигинин жана анын аймактык түзүмдөрүнө да жалпы коомчулук өз баасын туура берет деп ишенем. Себеби биздин багытыбыз элибиздин коопсуздугун камсыздоону ишке ашырып, эл менен тыгыз иш алып барган мамлекеттик орган болуп саналат. Буга чейин белгиленип өткөн бардык иш-чараларыбыз, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерибиз коомубуздун коопсуз жашоосуна кам көрүүгө багытталгандыгын ар бир жараныбыз туура түшүнүп, күнүгө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу көрүп, баамдап келүүдө.

Кайсы гана тармак болбосун, ошол тармактарда иштеп жаткан кызматкерлер мамлекет тарабынан камкордукка алынбаса, анда аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы да өз натыйжасын бербейт. Ошондуктан, бул багытта зарыл болгон иштерди алып баруудабыз.

Жардам сурап кайрылган жарандарбы же укук бузган адамдарбы, кылмыш жасап шектүү катары кармалган жарандар болобу, алар менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы пикир келишпестиктерди болтурбоо, орун алган маселелерди өз учурунда  ачыктап, юридикалык баа берүү жана кызматкерлердин элге жасаган мамилесин чыңдоо үчүн, боди-камераларды алып, жарандар менен түздөн-түз иш алып барган кызматкерлердин көкүрөгүнө тагып бердик. Ал жерде, бардыгы ачык жазылып, чындыгында эле абал кандай болгондугу так жазылат жана аларга күнүгө мониторинг жүргүзүп турабыз. Эгерде, кызматкерлер тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттер жасалган болсо, анда жеринде ошол замат териштирүү жүргүзүлөт.

Андан тышкары, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө атайын планшеттерди таратып бердик. Планшеттерге “Административдик аймактын электрондук журналы” деген программаны жүктөп бергенбиз. Ар бир кызматкер өзү тейлеген аймакта жашаган жарандарды ошол программанын алкагында каттоого алып, зомбулуктардын бардык түрүн аныктоого, мыйзамсыз иш алып барган адамдарды жеринде тактап, мыйзам чегинде жоопкерчилигин кароого, мигрант болуп чет өлкөлөргө кеткен ата-энелердин жаш балдарына карата жасалган кысым көрсөтүүлөрдү, өзүнүн укугун коргоого чамасы жетпеген ден соолугу чектелген адамдар менен баарлашып, аларга карата зомбулуктар же кылмыштар жасалгандыгын ырастоо максатында бул иштерди улантып жатабыз.

Атап айтканда, кызматкерлердин айлык маянасы үч эсеге жогорулады, мурда 20-25 миң сом айлык алып иштеген кызматкерлер бүгүнкү күндө 60 миң сомдон ашык айлык алышууда. Ал эми, Баткен жергесинде кызмат өтөгөн кызматкерлердин айлык маянасы беш эсе  жогорулады, тагыраак айтканда 95 миңден 120 миңге чейин айлык алып, жүктөлгөн милдеттерин аткарып жатышат.

Ошондой эле, туристтик мезгил учурунда, жергиликтүү жашоочуларга жана чет өлкөдөн келген туристтерге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүп, коопсуздук шарттарын жакшыртуу үчүн, 128 кызматкерден турган “Туристтик-экологиялык батальон” түзүлүп, жакында эле ишке киргизилди. Бул кызматкерлер, бир нече чет тилдерде эркин сүйлөй алган, ар түрдүү кырсыктарды алдын алууга атайын даярдыктардан өткөрүлгөн, туризм тармагы боюнча бардык маалыматтарды алып жүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар, офицер курамындагы кызматкерлер болуп эсептелет.

2021-жылдан баштап, акырындык менен жаңыланып отуруп, азыркы тапта 90% автопарк жаңыланды. Аларды жер-жердеги шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө элге кызмат көрсөтүүгө таратып бердик.

Эң башкысы, Кыргыз милициясы элибиздин таянган тиреги жана ишеничи болушу шарт. Ал үчүн, дагы көптөгөн иш-аракеттерди жүргүзүп, милицияга болгон элдин ишеничин актайбыз деген аруу тилегим бар.

– Кылмыштуулуктун статистикалык абалына токтоло кетсеңиз?

– Акыркы 4 жылда ички иштер органдарынын элибизге кызмат өтөө милдеттеринен баштап, материалдык-техникалык базасына чейин өтө чоң өзгөрүүлөргө жетиштик деп айтсам жаңылышпайм. Эң алгач, ишмердикти жөнгө салган мыйзамдарды, кодекстерди жана ченемдик укуктук актыларды өзгөртүүгө, милициянын ыкчамдыгын чыңдап, ишмердигин натыйжалуу аткаруусун бир тартипке келтире алдык. Кызматкерлердин төрт мезгилде кийген сырткы формалык кийим-кечесин толугу менен жаңылаттык.

Өздүк курамды, анын ичинде шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерин заманбап жаңы санарип ыкмаларды колдонууга окутуп-үйрөтүп, элге сапаттуу тейлөө көрсөтүү боюнча жана адам укугун коргоону камсыздоо багыттарында бир топ тажрыйбалык даярдыктардан өткөрүп келе жатабыз.

Ааламдашуу доорунун жаңы талаптарына ылайык келген санарип тутумун түзүп, бардык ички иштер органдарында ишке киргиздик. Ошентип, коопсуздукка байланышкан жаңы көз караштагы тутум бүгүнкү күндө ийгиликтүү иштеп жатат.

Мурдагыдай болуп, региондордон маалыматтарды алып, андан кийин ошого жараша координациялоочу иш-чараларды уюштуруу жүргүзүү деген түшүнүктү биротоло жойдук. Санарип тутумунун алкагында, бардык ички иштер органдары өз-ара аракеттенүү жүргүзүүсүнө жакшы шарттарды түзүп бердик.

Ар бир шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү эмне жумуш алып барып жатышканын онлайн көзөмөлдөөгө, жеринде ыкчам чечимдерди кабыл алууга багытталган “Санарип Жибек-Жолун” ишке киргиздик. Бул тутумдун алкагында, кылмышкер болобу же дайынсыз жоголгон адам болобу, алар боюнча бардык ички иштер бөлүмдөрү ошол замат маалымат алышып, аларды аныктап, табууга мүмкүндүктөр жаралды.

Андан тышкары, кызматтык автоунаалардан баштап, атайын күжүрмөн техникаларды, тиешелүү санариптик технологияларга чейин белгиленген тартипте алып, иш жүзүндө колдонууга бердик.  Мына ушул иш-аракеттердин баары, азыркы тапта өзүнүн жакшы натыйжасын көрсөтүп жатат. Тактап айтканда, акыркы төрт жылдан бери кылмыштуулуктун катталуусу дээрлик 69 пайызга азайды. Кылмыштардын бетин ачуу, аны сапаттуу тергөө жана кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу иш-чаралары үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар