whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом«Элдик достукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү»

«Элдик достукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү»

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов 4-июлда Шэньян шаарында (КЭР) өтүп жаткан ШКУнун Элдик дипломатия форумунда жана Бир тууган шаарлар форумунда «Элдик достукту бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү» темасында баяндама жасады.

Иш-чарага ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү, шаарлардын, аймактардын, коомдук жана илимий чөйрөлөрдүн жетекчилери гуманитардык жана муниципалдык тармактарда өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоо үчүн катышты.

«Дүйнөдө диалог, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык өтө жетишпей жатат. Заман талабындагы чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууда дал ушул элдик дипломатия маанилүү ролду ойнойт. Шанхай кызматташтык уюму өз ара ишенимге, пайдага, тең укуктуулукка жана биргелешип өнүгүүгө умтулуунун негизиндеги эл аралык мамилелердин моделин көрсөтүп жатат», — деп белгиледи мамлекеттик катчы.

Ал кыргыз-кытай кызматташтыгынын оң динамикасын белгилеп, президент Садыр Жапаровдун КЭРге болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк орнотулганын, Кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен декларацияга жана бир катар мамлекеттер аралык макулдашууларга кол коюлганын билдирди.

Марат Иманкулов ошондой эле 2026-жылы өлкөдө Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында уюмга мүчө-мамлекеттердин регион башчыларынын форумун өткөрүү ниети бар экенин билдирип, анын санариптештирүү, туруктуу өнүгүү жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары маанисин белгиледи.

Электрондук сооданы жана санариптик кооперацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул тармактагы кызматташтыкты бекемдөөнүн алкагында Кыргызстан ШКУнун Жаштар санариптик форумун өткөрүүнү пландаштырууда.

Сөзүнүн аягында мамлекеттик катчы Марат Иманкулов элдик дипломатия маданий диалог гана эмес, мамлекеттерибиздин туруктуу келечегине инвестиция экенин белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар