Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыХоккайдо аралында күчү 6,3 баллга жеткен зилзала болду

Хоккайдо аралында күчү 6,3 баллга жеткен зилзала болду

2-июнда Япониянын Хоккайдо аралынын чыгыш жээгинде күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталганын Синьхуа Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:52де болуп, Япониянын 7 баллдык сейсмикалык интенсивдүүлүк шкаласы боюнча 4 баллга жеткен.

Маалыматта жер титирөөнүн очогу 7 миңден ашуун калкы бар Хиро кыштагынан 53 чакырым түштүк-чыгышты карай, 173 миң адам жашаган Обихиро шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта болгону айтылат.

EMSC`тин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу 33 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Зилзаланын кесепети тууралуу маалымат азырынча берилген эмес.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар