whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомИИМ башчысы: "Мигранттарга иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар"

ИИМ башчысы: «Мигранттарга иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар»

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков мигранттарды иштетип жаткан ишкерлерге кайрылды.
«Чет элдиктердин Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушуна көңүл буруңуздар. Визасы окуу үчүн, туристтик болуп, бирок иштеп жүрсө же эмгек визасынын мөөнөтү өтсө, анда тез арада документтерин туураласын. Бул үчүн 10-июнга чейин убакыт бар экенин түшүндүрүңүздөр. Иш берүүчүлөрдө дагы жоопкерчилик бар экенин унутпаңыздар», — деди Улан Ниязбеков.
Министр 10-июндан кийин мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктоо үчүн рейддер башталып, мыйзам бузгандар депортацияланарын кошумчалады.

Буга чейин УКМК төрагасы 10-июндан тарта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге карата чаралар көрүлүп, айрымдары өлкөдөн чыгарыларын билдирген.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар