Башкы беткеРубрикаларАймактарЭнергетика министрлиги калкты акылдуу электр эсептегичтер менен камсыздоону улантууда

Энергетика министрлиги калкты акылдуу электр эсептегичтер менен камсыздоону улантууда

 Министрликтин маалыматына караганда, 2025-жылга пландалган 100 850 даана эсептегичтин 78 475и орнотулду, калган 22 375и жыл аягына чейин орнотулат.

Ош шаарында орнотуу 100% аяктады, облус аймагында орнотуу төмөнкүдөй жүрүүдө:

  • Араван РЭТ — 27 766 даана (9 511и жыл аягына чейин орнотулат)

  • Кара-Суу РЭТ — 18 390 даана (3 481и калган)

  • Өзгөн РЭТ — 29 586 даана (7 001и орнотулат)

  • Ноокат РЭТ — 1 657 даана орнотулду, калган бөлүгү 2026-жылга пландалган

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:

  • Электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу берүү;

  • Электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн сактоо;

  • Коррупцияны азайтуу;

  • Көрсөтмөлөрдү реалдуу убакыт режиминде берүү;

  • Энергия ашыкча колдонулганда же карыз болгондо автоматтык өчүрүү;

  • Төлөмдөн кийин автоматтык кошулуу;

  • Эсептегичке тышкы кийлигишүү болгондо дароо эскертүү берүү.

Министрлик белгилегендей, жыл аягына чейин 2025-жылга пландалган бардык эсептегичтер орнотулат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар